Домой Саясат Тузак койгондор баалана баштады

Тузак койгондор баалана баштады

6

Кыргыз өлкөсүндө чоооң саясий оюндар козголо баштаганы берилген маалыматтардан даана көрүнө баштады. Буга чейин мамыр-жумур болуп жашап келаткан байбачалардын көз караштары өзгөрүп кетти десек болот. Айеркен Саймаитинин өлүмүнөн сыртта калбай, өзүлөрүн колдон келишинче оң тарабынан чампалатууга кеткен тыйынына кайыл болгон “тиштүүлөр” мен жөн эле тааныш болчумун уйгур бизнесмен менен деп актанууга, сактанууга өтүштү.

Ошентсе да тузакка Алтынбек Сулайманов, бажыдагы башкы каарман, мурдагы өлкө башчысы, “Душка” жана башкалар илиништи. Албетте, мындан ары карай архивдеги сүрөттөрдүүстүгө калкытуу операциялары сөзсүз уланат дечи. Акча деген ар кандай “шайтандарга” туш кылат турбайбы. Чамасы дагы далай капчыктуулар, “каралар”, кызылдар көңдөй чабылат шекилди. Айрыкча сыпаттап жазууга кудурети жеткендер, сайтчылар, хайпчылар, узун кулак “ушакчылар” митингчилер мындайда катуу барк-баага ээ болуп кетишет. Ошол үчүн Бабановдун, Төрөбаевдин, Келдибековдун, Текебаевдин, Отунбаеванын, Исаевдин, Шакинин, Салымбековдун эшигин сагаалагандар арбышы күтүлүүдө. Калган “элитамын” деп какагандардын деле тилин табышса кысыр калышпастыр, ботом. Айтор, тузак, капкан, шибеге, пахта койгондордун маалы келип турат. Тешигиңерди бүтөп алууга чамдагыла, эпчилдер!

Булак: Ачык сөз