Домой Маданият Түз эфир: Марат Жанталиевди жерге берүү зыйнаты өтүүдө

Түз эфир: Марат Жанталиевди жерге берүү зыйнаты өтүүдө

970

Белгилүү актёр, КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиевди жерге берүү зыйнаты өтүүдө.

Актёр буга чейин ооруп жүргөн. 59 жаштагы талант ооруканадан үзүлгөн.

«Бопуш» деген ат менен таанымал болгон актёр, куудул Марат Жантелиев Нарын облусуна караштуу Кара-Кужур айылында туулган. Ал Москва шаарындагы кинематографиялык институтту бүтүрүп, бир катар тасмаларда роль жараткан. Көп жылдардан бери Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында эмгектенип келген.

Жантелиев Эрнест Абдыжапаровдун «Саякбай» тасмасында Саякбай манасчынын образын да жараткан.