Домой Саясат Түштүктө Карамушкинаны мандаттан ажыратуу үчүн кол топтолууда

Түштүктө Карамушкинаны мандаттан ажыратуу үчүн кол топтолууда

79

КСДПнын ичинен жалгыз эле Ирина Карамушкина иштеп жаткандай, кызматкерлердин жума күндөрү жума намазга кетип жаткандарды текшерүүгө алыш керек деген маселени көтөрүп чыкты. Бул айым кыргызга эзелки өчү бардай тантыраган билдирүүлөрдү айтып келет. Анын бул кылыгына Жогорку Кеңештеги балык депутаттар эле чыдабаса, биз чыдай албайбыз деген нааразычылыктар арбыды.

Ирина Карамушкина

Маалым болгондой, Facebook социалдык тармагында Руслан Бекназаров Facebook колдонуучуларына кол топтоону да сунуштап, ушу тапта Ош, Баткен аймактарында Карамушкинаны мандаттан ажыратуу багытында кол топтоо жүрүп жатат.

Эске салсак, КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина кол чогултуп жаткан Руслан Бекназаровдун аракети боюнча атайын текшерүү жүрүшү керектигин, Руслан Бекназаровдун бул аракетин көө жабуу, анын депутаттык ишмердүүлүгүнө тыюу салуу катары баалаган.