Мындан 1 ай мурун түштүк жергесине коронавирус менен жабыркагандарды дарылоого дарыгерлер тобу жөнөп кетишкен. Азыркы тапта жардам берем деп кеткен дарыгерлердин биринчи кеткендери Бишкектеги үйлөрүнө кайтып келип жатышат. Бирок жардам берүүгө кеткен дарыгерлерди кайра үйлөрүнө алып келүүнү Саламаттыкты сактоо министрлиги конкреттүү караган эмес. Бул тууралуу SUPER.KG порталына түштүк жергесинен келген дарыгер өзү билдирди.
Айтымында, дарыгерлер үйлөрүнө кайтууда кыйынчылык жаралып, кооптуу аймакта иштегенине карабай аларды алып келүү жоопкерчилигин министрлик караган эмес. Бул иштерге дарыгер нааразы экенин айтып, төмөнкүлөргө токтолду. “Бизди түштүк жергесине алып барышканы го алып барышты. Баарын өзүбүз кылып, болгон тажрыйбабызды кыйынчылык учурунда көрсөттүк. Бирок бул милдет же колко кылуу эмес. Сөз бар го кадырыма күйдүм деген, ошол сыяктуу биз да кадырыбызга күйүп жатабыз. Министрлик түштүк тарапта иштеген жериңерден “накладной” жаздырып, такси кармап келе бергиле, биз жол киреге кеткен акчаны айлыгыңарга коштуруп беребиз” дешүүдө. Аны төлөйбү, төлөбөйбү бул да суроо боюнча турат. Бизди кооптуу аймактан келе жатасыңар деп жолдо катуу көзөмөл кылышып, улам сүйлөшүп, документтерибизди көрсөтүп жатып араң келдик. Бул биз көргөн кыйынчылык, жол акыны өз чөнтөгүбүздөн төлөдүк. Ал жакта калган дарыгерлердин биздей кыйынчылык көрүп келүүсүн каалабайм”, – деди түштүк жергесинен келген дарыгер. Бул окуя боюнча алдыда тиешелүү министрликтин жообу дагы жарыяланат
Булак: Супер.кж