«Түштүк-Батыш» бажысы товарларды жалган декларациялоо фактысын аныктады
«Түштүк-Батыш» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери ЕАЭБдин жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө товарларды жалган декларациялоо фактысын аныкташкан.
«А.А.» алуучунун дарегине БАЭден жүк ташуучу унаа менен 2017-жылы чыгарылган Toyota Camry, 2017-жылы чыгарылган Chevrolet Malibu жана 2020 чыгарылган Chevrolet S-park автомобиль тетиктеринин ассортименти – товарлар келди.
Автоунааны алдын ала кароодо декларацияланбаган 2003-жылы чыгарылган «Honda Fit» унаасы жана 5004 даана көлөмдө антиперспирант товарлары аныкталган
Факт КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.