«Түштүк-Батыш» бажысы декларацияланбаган түстүү диоддуу экрандарды алып келүү фактысына бөгөт койду
«Түштүк-Батыш» бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан анык эмес декларациялоо фактысы аныкталган. ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө бажылык укук бузуу аныкталган.
Кытайдан «И» ЖЧКсынын дарегине автоунаада айыл чарба культиваторунун бөлүктөрү, кыймылдаткычтардын фильтрлери, айыл чарба техникасынын шкивтери жана маховиктери жана бурамалар келип түшкөн.
Автотранспорт каражатын бажылык кароодон өткөрүүдө 194 даана көлөмүндө декларацияланбаган түстүү диоддуу экрандар жана түстүү диоддуу экрандарга зымдар табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 5026 кг. түзгөн.
Факт КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.