Ушундай бир саясатчылардын категориясы бар, дайыма түштөн кийин кыйкырып чыга калышат. Алар кандайдыр бир маселеге өз убагында баа берүүдөн өтө чоочулашат, конкреттүү чечим кабыл ала алышпайт, ага чечкиндүүлүктөрү жетишпейт. Кандай гана иш жасалса дагы эч качан ыраазы болушпайт, ошол эле убакта кандай кылса жакшы болмок экенин да конкреттүү айта алышпайт. Өздөрүнүн планы, программасы жок, бирок башкалардын планы, программасы да жакпайт.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык президенттик мөөнөтү аяктап, бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп бергени да айрым саясатчыларга жаккан жок. Атамбаев мамлекет башында турган кезинде анын жасап аткан иштерине сын-пикир айталбагандар эми гана баш көтөрө баштагансыды. Маселен, Бегалы Наргозуев аттуу «өрдөкчүл» саясатчыны алалы. Эми ал өзүнө тиешелүү ушакчы сайты аркылуу А. Атамбаевди шыбап эле жатып калды. Болбосо, өзү бир убакта Максим Бакиевдин алдында чарк айланып, аны «Келечектеги президент» деп жагалданып жүргөнүн жакшы билебиз. Элибиздин бактысына анын тилеги таш каап, канкор үй-бүлөлүк режим кулаган.
А. Атамбаев бийликте турган кезинде анда-санда чыгып, өзүнүн бар экенин билдирип коюп атканы эле болбосо, Б. Наргозуев тымпыйып эле жатты. Анан Атамбаевдин доору аяктаган соң заматта эле укмуштуудай сынчы болуп чыга калды.
Азыркы тапта экс-президентти сынга алып аткандардын катарын жаштайынан тетири жолго түшүп алган Адил Турдукулов аттуу «дубал сүрөтчүсү» толуктап турат. Өзүнүн эмне деп сүйлөп атканына, эмне деген сын айтып атканына деле дурустап отчет бере албайт. Себеби, өлкөбүздө болуп аткан өзгөрүүлөрдү, алгылыктуу иштерди көрүп-билип турганы менен, анын баарына элдин тескери оюн жараткысы келе берет.
Атамбаев бийликти өткөрүп бергенден бери карай кадимки «булбул» саясатчы Адахан Мадумаров ММК булактарынан түшпөй калды. Ал Атамбаевдин Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримов менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мамилесин сынга алууда. Ачыгын айтканда Кыргызстан А. Атамбаевдин убагында гана тышкы саясатта чыныгы тең ата мамиле жүргүзө алды. Болбосо, ага чейинки президенттер И. Каримовдун алдына чуркап бара калып, «газды өчүрбөңүз, сураганыңызды беребиз» дегендей эле саясат жүргүзүп келишкен. И. Каримов А. Атамбаевди да ошолордой эле тизелеп мамиле кылат деген ою жаңылыштык экенин кыязы кеч түшүнүп калды окшойт. Натыйжада Каримовдун убагында газ берүү жарым жылдан ашуун убакыт токтоп калган кыйын кырдаалдан улам, А. Атамбаев россиялык «Газпром» аркылуу бул маселени биротоло чечип салды. Учурда Өзбекстан менен мамиле достук, бир туугандык жана ынак коңшулук багытта өнүгүп баратканын көрүп атабыз.
Мадумаровго А. Атамбаевдин Казакстандын жетекчилигинин дарегине айткан сын-пикирлери да жакпаптыр. Демек, анын логикасына таянсак, Казакстан Кыргызстандын ички ишине, алтургай кимди президент кылып шайлашы керек экенине чейин кийлигишсе дагы биз унчукпай гана отурушубуз керек болчу экен да.
Негизи эле Адахан мырза жыдыган саясатчы экенин эч мойнуна алгысы келбей келет. Ал 2010-жылдан берки шайлоолордун баардыгына катышып, жеңилүү ызаасын гана тартып келатат. Маселен, 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо, 2011-жылдагы президенттик шайлоодо жыдыды. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо жадакалса өзүнүн туулуп өскөн кичи мекенинен жетишээрлик добуш ала алган жок. Анан кимге таарынгысы келет?
Мындан сырткары дагы бир жыдыган саясатчы Феликс Кулов да анда-санда өзүн оппозиционер кылып көрсөткүсү келип калды. Ырас, убагында Феликс мырзага элдин ишеними чоң эле. Бирок, анын кийинки жүрүштөрү таптакыр элдин кызыкчылыгына төп келбей калды. Убагында өз күчүнө ишенбей К. Бакиев менен тандемге барып, анын премьер-министри болду. Ошол убакта кримавторитет Рысбек Акматбаев Ала-Тоо аянтында ачык эле ага чакырык таштаганда, жүрөгү даап чыгып келе алган эмес. 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо парламентке партиясы менен келип, бирок эл кызматын аркалабай эле өзүнүн адамдарын ар кандай кызматтарга алып баруу менен шугулданып, алардын арты менен «бизнес» жасоого ы калганы билинди. Анан ушундай саясатчы өз эли үчүн опол тоодой иш жасаган, саясый эркинин бекемдигинен өлкөбүздүн көз карандысыздыгын бекемдөөгө чоң салымын кошкон экс-президентти сындап атканына жол болсун дейли.
Ал эми кече жакында эле болуп өткөн президенттик шайлоодо маарага төртүнчү болуп араң келген Темир Сариев да экс-президентти сындагысы келет. Президенттик шайлоого эртелеп эле аттанып, пиар жүрүшүн 1 жыл эрте баштаган Темир мырзаны жадакалса өзүнүн Сокулуктагы жердештери да колдобой тургандыгын шайлоо жыйынтыгы көрсөттү. Ал бул шайлоодо Сокулук району боюнча үчүнчү болуп келди.
Андыктан «Сынчынын сыңар өтүгү майрык болбой» кимдир-бирөөнү сындаардан мурун, өздөрүнүн эл арасындагы деңгээлине бир баа берип алуу бул саясатчылар үчүн көптүк кылбайт эле. Сындаш керек, бирок сынчы болууга да татыктуу болуу керек эмеспи.