Бири кем д best drugstore makeup. үйнө
Адамды көзү тирүүсүндө барктай албаганыбыз – биздин кемчилигибиз экенин моюндабаган бир киши табылбастыр. Анткени, мындай кемчилигибиз – улуттун нарк-насилине чындыгында бап келбейт. Бирок турмушта билип туруп мүчүлүштүккө жол беребиз. Маселен, таланты ташкындаган, өнөргө көкүрөгү жык толгон адамдар арабызда тирүү жүргөндө эч ким барктабайт. Ал эми көзү өтүп кетсе тимеле боо түшүп калабыз. Ой, кыргыздын көрөңгөлүү адамынан айрылдык деп жашыбызды он талаа кылып төгүп алабыз, чиркин!
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Калыйбек Назаралиев 66 жаш курагында дүйнө салды. Болгондо да карылар үйүндө жанын багып, аркардай көзүн жайнатып жүрүп оо дүйнө салып кете берди. Ушул кишинин акыркы жылдардагы күйүтү менен маданиятты чеңгелдеген жетекчилер кызыгып, кабар алышты беле? Сузактын карылар үйүндө зар какшап жүрүп каза болгон акын Алмаш Чойбекованы убагында ким ойлоду эле? Анысын укпаптырбыз. Ушундай эле жокчулук жашоонун өңүтүндө жүргөн белгилүү, өнөрлүү адамдар жок десек туура болбостур? Ошол эле Чоро Думанаевге курулуш тармагынын белдүү жетекчиси Имамидин Ташов бир жума мурда бир бөлмөлүү батирдин сертификатын берди го. Ага чейин деги ким бул эл артисти үчүн күйдү эле? Чындап чуркаган бирөөнү айткылачы? Азыр маданият тармагында көрүнүктүү болууга жетишкендер тойлордон акча таап, турмушун оңдоп жатканы баарына маалым.
Театрдын сахнасындагы турмушка бүткүл өмүрүн арнаган Бакен Кыдыкееванын өлүмү абдан кайгылуу болгонун деле уккан жыйыбыз бар. Союз кыйраганда өнөрлүү адамдар сай-сайлап тентип кетпеди беле? Заман оңолгондон кийин деле кыйратып камкордук көрїлгөн жок. Ошол эле Советбек Жумадыловду тигил дүйнөгө татыктуу узаттыкпы? Жок. Айта берсек, арман аттын башындай болуп кетери ырас. Кезинде ырдын пири эсептелген Рысбай Абдыкадыровду деле барктаган эмеспиз. Бир эл артисти деген темир белгини тагынбай, көзү өтүп кетти. “Аттиң” дедирген далай кемчиликтерди айтсак, кагаз бети түт келбейт. Бири кем дүйнө деген ушул турбайбы. Дагы көптөгөн өнөр адамдары жылуу мамилеге зар болуп жатканын калп десек кара жаныбызды жеп калаарбыз. Түштөн кийин боо түшүп калуудан деги качан кутулар экенбиз?