Домой Коом Турсунбай, сен мунафык болупсуң! — Шамшыбек Медетбеков

Турсунбай, сен мунафык болупсуң! — Шамшыбек Медетбеков

12873

Турдакун Усубалиевдин Кыргыз Республикасына жазаган эмгеги абдан чоң экени талашсыз. Тилекке каршы өлкөбүздүн мурунку жетекчилери улуу инсандарыбыз И. Раззаков, Т. Усубалиев жана А. Масалиев тууралу кээ бир «саясатчы» сөрөйлөр тарабынан ар кандай ушак айың сөздөр айтылып келет. Ошол эле көрүнүш кечээ 26-октябрь 2022-жылы Турсунбай Бакир уулу тарабынан атабыз Т.Усубалиевичтин дарегине өзү ойлоп тапкан калп, чындыкка дал келбеген эки жүздүүлүк, каратып туруп кудайдын алдында карандай калпты айтып олтурат. Сен ким? Турдакун Усубалиевич ким? Сен Кемпир-Абад суу сактагычын сүзүп өтсөң Т. Усубалиевич дүйнөдөгү төрт океанды сүзүп өткөн инсан. Аталарыбыздан калган сөз бар: «Арбактар жөнүндө жакшы, жылуу сөз айтылыш керек. Болбосо эч нерсе айтылбаш керек”. Сага бир эле сөз айткым келет. Сен мунафык болупсуң!!! Ал эми чек ара маселеси канчалык эрте чечилсе ошончолук мамлекетибиздин, элибиздин жеңиши болот! Ал маселени чече турган жалпы элибиз мандат берген КР Президенти, Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт жана президент түзгөн чек ара маселелери боюнча мамлекеттик комиссия бар.
P.S. Т. Усубалиевдин 16-март 1999-жылы Турсунбай Бакир уулуна » Отчего шапка горит?» “Слово Кыргызстан” гезити аркылуу жообун берген.

Коомдук ишмер Шамшыбек Медетбеков