Жогорку Кеңештин экс-депутаты Турсунбай Бакир уулунун велосипедчен жубайын унаа сүзүп, айдоочусу качып кеткенин билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.
«2-августта, Курман айттын акыркы күнүндө Тоголок Молдо жана Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде велосипед тээп бара жаткан жубайымды унаа сүзүп кетиптир. Сүзүп кеткени аз келгенсип, айдоочусу жардам бербей качыптыр!
«Айттын урматына, аман калганым үчүн да, ал айдоочуну кечирдим. Аны издетпеңиз — катуу коркконунан ал өзүң жоготуп, качып кеткендир»,-деп жубайым менин издөө иш-аракеттеримди токтотуп койду.
Жубайыма кыжаалат болгондорго сарсанаа болбогула, үйдө дарыланып жатат. Аман калганына Аллахыма чексиз мактоолорду жана шүгүр келтиремин!», — деп жазган ал.
«Адамды сүзүп кеткенден кийин адамгерчиликтүүлүгүңдү жана жол эрежелерди билгениңди көрсөтүп, жыгылган адамды тургузуп, ал-акыбалын сурап, медициналык жардам керек болсо бейтапканага жеткирип коюуга акылың да, ыйманың да жетпедиби?! Жубайымдын өтүнүчүнө баш ийип, сени Кудайга тапшырдым», — дейт экс-депутат.