Домой Тагдыр Видео -Турсунбаева Замира: 18 жаштагы кызым 1 жылдан бери ооруканада жатат. Элден...

Видео -Турсунбаева Замира: 18 жаштагы кызым 1 жылдан бери ооруканада жатат. Элден жардам сурайбыз…

114

Урматтуу, мекендештер, дагы бир мекендешибизге жардам керек болуп жатат. Береги сүрөттө көрүп турган жаш кыз болгону 18 жашта. Ал: апластическая анемия, гепатит — с дарттары менен ооруп жатыптыр. Апасы Замира Турсунбаева ооруп, элдин жардамына муктаж болуп жаткан кызы тууралуу Биздин редакцияга: буларды айтып берди:

-Биз өзүбүз Чүйдүн Беловодск айылында жашайбыз. 5 балабыз бар. Жолдошум убактылуу жумуштарда, курулуш иштеринде иштейт. Улуу кызыбызды турмушка узатканбыз. Экинчи кызыбыз Россияда иштеп жүрүп, жакында келди. Бул ооруп жаткан үчүнчү кызым Төшөбаева Улбазар былтыр мектепте окуп жүрүп эле, былтыр эле ооруп калды. Курстарга да барып турчу эле. Бир күнү тиши канап жатканын айтып калды. Андан көп өтпөй, терилерине да бир нерселер чыга баштады. Былтыр 24-ноябрда ооруканга жаткырдык эле, бүгүнкү күнгө чейин ооруканда жатат. Апластическая анемия деген диагноз койгон. Өзүбүз жана туугандарыбыз да малдарын сатып, кызым биринчи химия алды. Анан карантин болуп калды. Айтор биринчи химия жакшы таасир этпей калды. Эми дагы акча чогултуп, экинчи жолу химия менен дарылайлы деп, элден жардам сурап жатабыз. Дарылаганга 6 миң доллар керек экен. Кичүү балабыз 8-класста окуйт. Кайдыгер карабаган адамдар жардам берип калышат деген үмүттөмүн…Жардам бергендердин баардыгына чоӊ ыраазычылык билдиребиз!

Урматуу мекендештер, он гүлүнүн бири ачыла эле Улбазардын оор тагдырына кайдыгер карабастан, колдон келген жардамыӊыздарды бериӊиздер! «Көп түкүрсө, көл болот» дегендей. көпчүлүк жардам кылып, Улбазар Төшөбаева сакайып, катарыбызга эртерээк кошулсун!

Жардам берүүнү каалагандар төмөнкү Эл сом нормуру аркылуу акча которсо болот: 0705029905