Домой Коом Түрмөдөгү 230 адам мунапыс боюнча бошотулду. Дагы жүздөгөн адамдар чыгат…

Түрмөдөгү 230 адам мунапыс боюнча бошотулду. Дагы жүздөгөн адамдар чыгат…

57

Кыргызстанда абакта отурган 230 адам мунапыс боюнча бошонуп чыкканын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кабарлады. Маалыматта 230 адамды абактан бошотуу жана 38 адамдын жаза мөөнөтүн кыскартуу тууралуу жарлыкка премьер-министрлик кызматты убактылуу тапшырган Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турганда кол койгондугу айтылат

Жалпысынан ЖАМК президентке караштуу Мунапыс маселелери боюнча катчылыкка 1800дөн ашуун адамга мунапыс берүү тууралуу өтүнүч жөнөткөн. Азыркы тапта аларды кароо уланууда.

Быйыл май айында Улуу Жеӊиштин 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөгү мыйзамга кол коюлуп, негизинен улгайган адамдар, өспүрүмдөр жана аялдар бошотулагн.

Жалпысынан Кыргызстандын түрмөлөрүндө он миңге жакын адам кармалат.