Домой Дүйнөдө Түркмөнстандын президенти 123 кг баңгизат өрттөдү (видео)

Түркмөнстандын президенти 123 кг баңгизат өрттөдү (видео)

20

Түркмөнстанда мыйзамсыз жүгүртүүдөгү баңги каражаттарын жана башка заттарды жок кылуу комплекси ачылды. Анын ачылышына президент Гурбангулы Бердымухамедов да катышкан.

Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, жаңы комплекс өлкөнүн борборунан 100 чакырым алыста жайгашкан.

Президенттин катышуусу менен иш-чарада 122,5 кг баңгизат өрттөлдү.