Домой Дүйнөдө Түркмөнстанда «Кадыртүндүн» урматына абактагы 500дөй жаранга ырайым берилди

Түркмөнстанда «Кадыртүндүн» урматына абактагы 500дөй жаранга ырайым берилди

22

Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, тиешелүү жарлыкка министрлер кабинетинин жыйынында кол коюлду.

Документке ылайык, мунапыс алгандар абактан бошотулат.

Бердымухамедов облустук, райондук жана шаардык администрациялардын башчыларына ырайым алган жарандарды иш менен камсыздоо тапшырмасын берди.

Түркмөнстандын президенти жыл сайын «Кадыр түнгө» карата соттолгон адамдарга мунапыс жарыялайт. Былтыр республика боюнча 514 киши ырайым алган.

2021-жылы мурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедов 1035 туткунга ырайым кылуу боюнча жарлыкка кол койгон.

Ошондой эле, 2022-жылы Сердар Бердымухамедов шаардык хякимликтерге Эл аралык бейтараптык күнүнө карата ырайым кылынган 308 адамды бир айдын ичинде иш менен камсыз кылууну тапшырган.