Домой Саясат Түркияга көз каранды эл белек? “Вефаны” талашып, “Асылбек Жээнбековду сатып алган” адам...

Түркияга көз каранды эл белек? “Вефаны” талашып, “Асылбек Жээнбековду сатып алган” адам ким?

32

Бишкектин чак ортосунда курулган бир кездеги көз жоосун алган имарат «Вефа» соода борборуна байланышкан соттук териштирүү Жогорку сотко чейин жетти. Анткени, соода борборун Түркиянын жарандары өзүнүн менчиги катары таанууну өтүнүп сотко арыз менен кайрылган. Ал эми “Вефанын” азыркы ээси муну рейдерлик катары баалап, акылга сыйбаган жорук орун алганын айтып, басма сөз жыйынын куруп, өз чындыктарын айтышты.

Негизи, түркиялык “Өзгүн Иншаат” ишканасы менен “Аруу Жылдыз” ишканасынын ортосундагы 2016-жылы түзүлгөн келишимге ылайык, “Вефа” соода борбору “Аруу Жылдыз” ишканасынын карамагына өткөн. Бирок, түркиялык ишкана бул келишимди жокко чыгарып, соода борборун кайтарып берүүнү талап кылып, сотко кайрылган. Бул иш 2018- жылдан бери соттон сотко өтүп, каралып жатат.

Буга чейин райондук жана шаардык сот кыргызстандык ишкердин кызыкчылыгына чечкен. Жогорку Сот ишти кайра баштан кароо үчүн биринчи инстанцияга жиберген. Тагыраагы 4 жолу сот болгон. Эми Жогорку Сот акыркы чечимин чыгарат деп турган чак. Көпчүлүктүн назарын буруп, “түрктөр неге ээлик кылат экен, кыргыз ишкерлерине сатып алып, кайра эле талаша береби?”- деген маселе кимди болбосун ойго салбай койбойт.

Анткени, “Аруу Жылдыз” ишканасынын директору Умсун Назарбекова журналисттер үчүн курган басма сөз жыйынында: “Түркиянын Кыргызстандагы элчиси бизнесимди тартып алууга аракет кылып жатат” дегени көп кишини ойго салды. Ошондой эле “Түрк элчиси мыйзамга карабай, Жогорку Кеңештин айрым абройлуу өкүлдөрүнө ишенип, менин бизнесимди, “Вефа” соода борборун рейдерлик жол менен басып алгысы келип жатат. Анын антүүгө кандай укугу бар?

Бул ишке байланыштуу төрт жолу сот болду. Бардык отурумдардан утуп чыктык. Эми Жогорку сотто бизди болбогон нерсе менен каралап салабы деп кооптонуп жатам” деди. Бирок, “чындык биз тарапта. Мен 26 жылдык иш тажрыйбамда эч кимди алдаган эмесмин. “Вефа” соода борборунун 50 пайызын 8миллион долларга сатып алгам. Аны Түркиянын өкмөтү тартып алгыдай, бул борбордун Фетхуллах Гүленге кымындай да тиешеси жок”- деди. Ал турсун «Аруу Жылдыз» жылына бюджетке 2 млн сомдон ашуун салык төлөйт жана 800гө чукул адамды иш менен камсыз кылаарын баса белгиледи. Чын эле Түркиянын бизесмен, башкача айтканда шылуун жарандары биздин ишкерлерге үстөмдүк кылып, алар сатып алган соода борборго көз артпай эле койсо болмок.

Алар ийилип сыйлаган сайын, дагы ийилтебиз деген максатта иш алып барып жатышат окшойт. Бир жолу суранычын ишке ашырып, Түркия өкмөтү шектүү деп террорист, Фетхулах Гүленге салым кошкон, революция жасоого кал-кабыш кылган деп тапкан адамдын ишканасын Түркияга өткөрүп беришиптир. Эми “Вефа” соода борборун да ошондой кылып, өткөртүп алабыз деп убараланышпай эле койсо болмок. “Чапкан сайын көз чыга бербейт” да. Айтайын дегеним, “Вефа” соода борборуна көз артып, кыргыз элинин, кыргыз ишкерлеринин тынчтыгын бузбай эле койсо туура болмок. Эгер соттор Түркиянын жарандарынын суранычын канааттандырса, анда Кыргызстанда маселе жаралат.

Сотторго ишенбөөчүлүк дагы жогорулайт. Нааразычылык күчөйт. Себеби, ишкерлер да өз чындыгын айтып чыга турганжагдай жаралат. Эгер мыйзамды сыйлаган өлкө болсок, соттор кандай болгон күндө да бул маселеде калыс чечим чыгарышы керек. Ошондой эле Кыргызстандык ишкерлерди колдошу керек. Анткени, биз өзүбүздүн ишкерлерди колдогондо гана өнүгөбүз. Түрк жаранынын “сотторду сатып алып койгом, президентти да колго алгам. Асылбекти да сатып алгам. Президентке да түз доступ бар. Силер эмес, мен ойлогондой чечим чыгат”- деп мактанып сүйлөгөн сөзүн ишке ашырбашыбыз керек. Тагыраагы, жок дегенде Кыргызстанда кыргыздардын укугу тебеленбеши керек. Айталы дегенибиз, жок дегенде ушундай маселеде ишкерлерге кичине болсо да колдоо көрсөтүүнү парз десек да болот. Экономикага салым кошуп жатабы, демек, аларга да мамлекет керек жерден кол-кабыш кылышы шарт.

Чынында “Вефа” соода борбору Тажикстанда дагы бар. Алар Кыргызстанга арыз жазганда, Тажикстанга да кайрылышкан экен. Бизде соттон сотко сүйрөп, ишкерлерди убаракерчиликке салып жатсак, Тажикстан Түркия өкмөтүнө мөөнөтү өтүп кеткендиктен, сот аркылуу “маселеңерди чечип бере албайбыз” деген жообун ошондо эле берип коюшкан. А биз болсо соттон-сотко сүйрөп жүрөбүз. Акыркы мезгилде бул маселени оң жагына чечейин деп атабы же Түркиянын кызыкчылыгы сөзсүз орун алышы керек деген пикирдеби, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат сотторго катышып жүрөт.

Ал “мыйзам бузган жокмун” дегени менен анын сотко катышуусу сотторго кандайдыр бир басым кылбайбы деген да маселени жаралат. Себеби, айрым учурда “ооруканаңарды салдык, мечит салдык” деп колко кылып, катуу сүйлөгөнүн да эшитип калган жайыбыз бар. Бу сапар да ал антип чоң сүйлөбөйт деген кепилдик жок да. Эми маселе соттор түрк өкмөтүнүн кызыкчылыгын ишке ашырабы же салык төлөп, кыргыз жарандарын иш менен камсыздап, мамлекетке пайда келтирип жаткан ишкерге жан тартабы ошондо. Эмнеси болсо да, Кыргызстанда кыргыздардын укугун тебелебөөгө жол беришибиз керек. Президент айткандай, ишкерлерге шарт түзгөнүбүз чын болсо, соттор да кыргыз ишкерлеринин кызыкчылыгын жогору коюп, акчанын эмес абийирди , намысты бийик кармашы керек.

Булак: “Майдан.kg”