Домой Дүйнөдө Түркияга кирүү эрежелери өзгөрөт

Түркияга кирүү эрежелери өзгөрөт

44

15-марттан тарта Түркияга кирүү эрежелери өзгөрөт. Туроператорлор ассоциациясынан билдиришкендей, эми аталган өлкөнүн аймагына кирген чет элдиктер атайын электрондук анкета толтурушу керек.

Ал Саламаттыкты сактоо министрлигинин сайтында жеткиликтүү. Анкетаны толтургандан кийин аны басып чыгарып, телефонго дагы сактап коюп, аэропорт кызматкерине көрсөтүү зарыл.