Домой Коом Түркиядан 23 жаштагы кыргыз кызынын жансыз денеси табылды

Түркиядан 23 жаштагы кыргыз кызынын жансыз денеси табылды

234

27-декабрда, Түркиянын курорттук шаарчасы Анталияда Кыргызстандын жараныны Р.Кнын жансыз денеси табылды.

Окуя Анталиянын Муратпаша аймагында болгон. 23 жаштагы кыргыз кыздын каза болуп калганы тууралуу  полицияга сүйүктүүсү түрк жараны кабарлаган. Алар бир жылга жакын чогуу жашап келишкен. Анын айтымында, каргашалуу окуяга чейин алар алкоголдук ичимдиктерди ичишкен, андан кийин уктап калышкан.

Эртең менен эркек киши кыздын буттары муздап калганын байкаган. Ал буга эч кандай маани берген эмес жана өнөктөшү тоңуп калган деп эсептеген. Түрк аны жууркан менен жаап, кайра уктап калган.

Түш ооп калганда кызды ойгото албай койгондо гана анын каза болуп калганын билген. Окуя болгон жерге келген дарыгерлер Кыргызстандын жараны каза болгонун тастыкташкан. Өлүмдүн так себеби азырынча аныктала элек. Полиция окуя боюнча иликтөө иштерин баштады.

булак: barometr.kg