Домой Тарых Түркиядагы кыргыз жоокерлерине тургузулган эстелик

Түркиядагы кыргыз жоокерлерине тургузулган эстелик

1332

Кыргыздар төрбөсү эстелиги“Кыргыздар төрбөсү” деп аталып, кыргыз жоокерлерине арналган акыл-эс Мемориалы Түркиянын Изник шаарын баскынчылардан бошотууга жан аябай катышкан кыргыз жоокерлеринин урматына арналып тургузулган. Атактуу Осман Гази Осман империясын түзгөндө Азиялык Византияда негизги үч шаар бар эле. Алар: Бурса, Акчакоджа жана бул чөлкөмдүн борбору болгон азыркы Изник, андагы Никея шаары болгон. Изник шаарынын темир дарбазаларын кыргын учурунда эч ким ача албай койгон. Ошондо түрк аскерлерине жардамга келишкен кыргыз жоокерлери дарбазаны ачып киришет. Ошол күнү кыргыздар майдандын алдыңкы талаасында жүрүшкөн. Согушта кыргыз аскерлердин дээрлик бардыгы каза табышат. Изник шаары багынып, Византиянын императордук армиясы талкаланат. Бул согушта Орхан Газинин он миңдеген аскерлери каза табышат, бирок ал эстеликти кыргыз жоокерлерине гана арнап тургузат. Бул эстелик азыркы күндө да Изник шаарында эки элдин түбөлүк достугун даңазалап кебелбей турганы турган.