Домой Дүйнөдө Түркияда коронавирустан айыккан, Кыргызстанда туулган жаран өз жанын кыйды

Түркияда коронавирустан айыккан, Кыргызстанда туулган жаран өз жанын кыйды

231

Кыргызстандык бейтап дарыланып ооруканадан чыккан соң 17-апрелде үй-бүлөсү менен жашаган үйүндө муунуп каза болгон. Жакындарынын айтымында, коронавирустан улам Касым Алиев оор депрессияга түшкөн.

Каза болгон месхет түркү Касым Алиев Карагач айылына 12 жыл мурун Кыргызстандан көчүп келген. Түрк жараны эки уулу менен айылда айыл чарбасы менен алектенген. Анын сөөгү 19-апрелде өзү жашаган айылда жерге берилген.

2019-жылы Түркияда 40 миңден ашык месхет түркү түрк жарандыгын алган. Дагы 20 миңден ашыгы жарандык күтүп жатат.

Түркияда COVID-19 илдетин жугузуп алгандар алгач 11-мартта катталган. Андан бери өлкөдө мектептер, коомдук жайлар жана айрым ишканалар толугу менен жабылган.

27-мартта Түркия коронавирустун жайылышын чектөө максатында бардык эл аралык каттамдарын токтототкон. Аймак аралык автобус каттамдары жергиликтүү бийликтин уруксаты менен гана жүргүзүлөт.

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 19-апрелде COVID-19 вирусунан өлгөндөрдүн саны эки миң кишиге жетти. Ал эми вирусту жугузуп алгандар 86 миң адамдан ашты. Ошол эле учурда 12 миңге жакын бейтап айыгып кетти.

Булак: Азаттык