Тогуз тоонун тоомунда жайгашкан Кочкор жергеси Кыргызстанды кыдырган туристтердин убактылуу конуш жайына айланды.
Кочкорго келген конок алгач эле борбордук көчөдө жайгашкан “БНБ” кафесине баш багат. Анткени бул жайдын атагы алыска тарап, чет элдик туристтердин картасында өзгөчөлөнүп белгиленген.
Тамшандырган тамагы бир эсе, таң калтырган арзан баасы бир эсе болуп конокторду өзүнө тартып турат. Борбор шаардагы орто кафелердин биринде эки адам тамактанган акчага бул ашканада сегиз адам курсагын кенен кампайтат.
Кафенин кожойкеси risperdal order. Батма баалар туурасында буларга токтолду:
— Азык-түлүктүн баарын жергиликтүү дыйкандардан келишим баада алабыз. Баасын кафе ачылгандан бери көтөрө элекпиз. Мисалы, кымбатыраак баага төрт үстөлдү тейлегендин ордуна азыраак акчага сегиз үстөлдү тейлесек өзүбүз эле утабыз. Ошондуктан кардарларыбызды качырбай кармап келсек керек.
Кафедеги арзан баадан шексинип, күмөн санап келгендер да жок эмес. Батма айымдын айтымында, андайларга эшиги ачык. Анткени жашырып же күмөн жарата турган эч нерсе жок.
Кочкор көз жоосун алган жаратылышка, кенен жайыттарга бай. Тургундар мал кармап тиричилик өткөргөндүктөн жайлоого көчүп кетишет. Жайлоолоп чыккан малчылардын балдары жайкы каникулдагы бош убактысын пайдалуу өткөрүүсү үчүн жайлоо бала бакчалары уюштурулган. Мында чыт курсактар окуганга, жазганга үйрөнүп, мектепке даяр болуп чыгышат. Бала-чакаларын мындай өнүктүрүү борборлоруна алып келген ата-энелер да четте карап тура албай, тарбиячыларга кол кабыш кылат. Коңшу колоттон неберелерин күн сайын унаа менен ташыган Карып Хуснилинов балдардын акыл-эсин өстүрүү үчүн шахматты үйрөтсө, байбичеси Коенбүбү апа жеткинчектерге улуттук бийлерди үйрөтөт. Булак: azattyk.org