Домой Коом Турганбаев Карлос Баталлос менен жолугушту

Турганбаев Карлос Баталлос менен жолугушту

242

Бүгүн Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы, милициянын генерал-майору Мелис Турганбаев Эл аралык Кызыл крест коомунун Кыргызстандагы миссиясынын жетекчиси Карлос Баталлас менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар  жаза өтөө жайларындагы коронавируска карата жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу пикир алышып, алдыда жасала турган иш мерчемдер боюнча кеңешишти.

Мелис Турганбаев Кызыл крест коому тарабынан көрсөтүлгөн жардамдарга ыраазычылыгын билдирип, алдыда кызматташууга үмүт артарын айтты.

Карлос Баталлас буга чейин жабык жайларда коронавирус чыкпаганы ЖАМКда алдын ала иштердин жакшы жүрүп жатканынан кабар берерин айтып, ЖАМКнын Covid-19 илдетине карата даярдыгына мониторинг жүргүзүүгө уруксат берүүсүн сурады. Ал ошондой эле, убактылуу кармоочу жайлардан тергөө изоляторлоруна которуу маселесине жана медицина кызматкерлерин коронавируска карата онлайн окутуу уюштурууга токтолду.

Төрага жолугушууда Covid-19ду алдын алуу боюнча мониторинг жүргүзүү маанилүү экенин айтып, бирок, анда баардык талаптар эске алынышы зарылдыгын белгиледи. Башкача айтканда, киргендерде ПЧР (полимезардык чынжыр реакциясы) анализинин жыйынтыгы болушу, атайы кийимдер менен кирүүсү шарт. Ал убактылуу кармоочу жайлардан тергөө изоляторлоруна которууда ПЧР анализинин жыйынтыгы болушу пенитенциардык тутумдун аймагына COVID-19дун кирүүсүн алдын аларын түшүндүрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө төрага №31 мекемеде жайгашкан лабораториянын техникалык базасын чыңдап, ага коронавирусту аныктоочу жабдуу алууга көмөктөшүүнү суранды. “Себеби, окумуштуулар COVID-19 илдети дагы кайталанышы мүмкүн деп жатышат. Кандай болгон күндө да, биздин өзүбүздө лаборотория иштесе жакшы болор эле. Бул боюнча дарыгерлерибиз окуп келишти. Ар бир мекемеде обсервация даяр. Биз соттолуучуларды же айыпталып жаткан жарандарды ташый албай жатабыз. Себеби, министрлик алардын анализин чыгарып берүүгө үлгүрбөй жатат. Жабдуу келсе, бул иштин баары жөнөкөйлөшөт эле”, -деп билдирди. Ал ошондой эле, учурда атайы контингент азыркы абалды туура түшүнүп жатканын кошумчалады.

Миссиясынын жетекчиси жазаларды аткаруу системасына Кытайдан жеке коргонуучу каражаттардын чоң партиясы келиши мүмкүн экенин кабарлады.

Иш-чаранын акырында тараптар Кыргыз Республикасынын пенитенциардык тутумунун ар кандай багытта жакшыртуу үчүн байланышты чыңдай бере турганын билдиришти.

Белгилей кетүүчү жагдай, аталган мекемелер 2002-жылдан бери кызматташып келишет жана анын аркасында өлкөдөгү абакта оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүлгөн. Аталган эл аралык коом кызматкерлерди окутууда, түрмөлөрдү башкаруу системасын эл аралык стандартка ылайык оптималдаштырууда жана абактарда  кургак учук менен күрөшүү иштерин жүргүзүүдө да чоң колдоолорду көргөзүп келет.