Ар кандай шайлоолордун алдында боло калуучу «шайтан оюндар» дагы башталды. Өзүнүн күчтүү атаандаштарын оюндан сүрүп чыгаруу максатында айрым саясатчылар ыпылас кадамдарга да бараары белгилүү. Муну албетте, өзүнүн эл ичиндеги кадыр-баркына анчейин толук ишене албаган саясатчылар жасайт. Болгондо да өзүнүн оозу менен эмес, өздөрүнө караштуу маалымат булактары аркылуу. Бул жолу ошондой ыпылас чабуул президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго карата жасалганы байкалды. Интернет сайттардын биринде «С. Жээнбековдун улуту кыргыз эмес, калмак» маанайдагы чындыкка коошпогон ушак жарык көрдү. Жалган деп ишенимдүү айтканыбыздын себеби бар, “Кыргыздын Жору (Жолжакшы) уурусунун санжырасы” аттуу китептин автору, санжырачы Турдумамат Эргешов биз менен болгон маегинде Сооронбай Жээнбековдун тек-жаатын жиликтеп берди.
— Кыргыз Оң канат, Сол канат болуп түзүлгөнү тарыхта белгилүү. Оң канат – Адигине, Тагай, Мунгуш урууларынан турат. Оң канаттын Адигинеси – Бөрү, Баргы, Жору (Жолжакшы), Сарттар, Карабагыш аттуу урууларга бөлүнөт. Ушул Адигиненин Жору (Жолжакшы) уруусу – Жолубай, Кудайберди аттуу эки уулдан уланат. Жолубайдан – Астар, Кастар аттуу уулдар болгон. Астардан (Ай тамгалуу Жору) Серке. Серке убагында баатыр болгон. Ал эми Серкеден – Кожо, Тасма, Теңизбай (биринчи Аккөрпө аттуу аялынан), Каракунас (экинчи Сонунбү аттуу аялынан) уулдары болгон. Теңизбайдан – Булаш, Биймырза, Жалаң төш (Дөөлөтөй). Биймырзадан – Коштай, Жантай, Абыке, Габыке. Биймырзанын Абыкесинен – Жолдош, Кожоназар, Теңиз, Аккозу. Кожоназар убагында журт башкарган бий болгонун эскерте кетели. Абыкенин Кожоназарынан – Коңурат, Жайчыбек, Полот. Жайчыбектен – Асыран, Таңырык. Таңырыктан – Пирназар. Пирназардан – Жээнбек. Жээнбектен – Эрмамат, Токтомамат, Шарип. Шариптен – Кантөрө, Жусупбек, Искендер, Сооронбай, Асылбек, Жыргал. Сооронбайдан – Иман. Сооронбай Шариповичтен баштаганда 15 атага чейин белгилүү, андан ары жагы жалпы Кыргыз санжырасына кошулат.
— Эми ушул Жорунун (Жолжакшынын) Теңизбай уругу тууралуу маалымат бере кетпейсизби?
— Кылым карыткан тарыхы, санжырасы бар кыргыз элинде ар бир кыргыздын уулунун санжырасы аркылуу анын ким экенин, кайсы уруктан экенин, бул уруктан мурдагы жана азыркы учурда кандай азамат, белгилүү инсандар чыкканын тактоо кыйын эмес. Адигиненин Жору (Жолжакшы) уруктары азыркы күндө Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Талас облустарында, Кытайдын Кызыл-Суу, Иле Казак автоном райондорунда, Өзбекстандын Анжиян облусунда, Тажикстандын Куляб, Дүйшөмбү облустарында жашап жаткандары биз тарабыбыздан ондогон жылдарды камтыган түйшүктүү изилдөөбүздүн натыйжасында белгилүү болду. Азыр Кыргыз Илимдер Академиясынын этнограф, тарыхчылары, Кыргыз тарыхчылар ассоциациясынын окумуштууларынын илимий жетектөөсүнүн, көзөмөлүнүн негизинде терең изилденип, жогорку деңгээлде илимий конференциялар (2016-жылы 14-октябрда Ош шаарында) өткөрүлүп, тактоолордун жыйынтыгы менен 41 басма табак көлөмүндө, 650 беттен турган «Кыргыздын Жору (Жолжакшы) уруусунун санжырасы» аттуу китеби 2016-жылдын башында жарык көргөн. Бул китеп санжыра, тарых сүйүүчүлөрдүн көңүлүнө жагып, азыркы мезгилде санжыра изилдөөчүлөргө үлгү катарында кызмат кылып жаткандыгы – алардын биздин китебибизди сурап, келип кеңеш сурап жатышкандыгынан байкалат. Бул китептин Кыргыз тарыхчылар ассоциациясынын 2016-жылдагы чечими менен Ассоциациянын «Алтын медалы» менен сыйланганы да муну тастыктайт.
— Бул китепте Адигиненин Жору (Жолжакшы) уруусунан чыккан кандай белгилүү инсандар болгондугу тууралуу да маалыматтар барбы? Апыртылып же атайылап кошулуп айтылган маалыматтар кездешпейби? cost of zoloft without insurance.
— Албетте, бул китепте Адигиненин Жору (Жолжакшы) уруусунун санжырасы, тарыхы, археология жана этнографиялык маалыматтары кеңири камтылган. Уруудан чыккан белгилүү инсандардын энциклопедиясы түзүлгөн. Бардык маалыматтар терең изилдөөлөрдөн, фактыларды тактоолордон кийин гана жазылып, тарыхый булактарга таянылган. Куру мактоо, апыртууга жол берилген эмес.
Жогоруда белгиленгендей, Жорунун (Жолжакшы) Теңизбай уругу калк арасында кылымдардан бери айтылып келе жаткан санжыралык маалымдоолордун, республикабыздын архивдериндеги жазуу маалыматтардын, орус, кыргыз, кытай окумуштууларынын илимий эмгектеринин негизинде талданып, анан жазылган. Теңизбай уругунун санжырасына алардын жашаган аймактарынын географиясы, археологиясы, статистикалык маалыматтары чагылдырылды. Ал окумуштуулар — С. М. Абрамзон — Россиянын Ленинград университетинин профессору, Л.Р. Винников – Ашхабад университетинин профессору, академик Б.Жамгырчинов, профессорлор — С.А.Аттокуров, В.В.Бартольд, А.Н. Бернштам, О.Ж.Осмонов, А.Ч. Какеев, О.К.Каратаев сыяктуу көптөгөн окумуштуулардын, санжырачылардын эмгектеринин негизинде изилденип жазылды. Булардан тышкары Жорунун (Жолжакшы) ар бир уругунан чыккан санжыра айтуучулардын, маалымат берүүчүлөрдүн топтогон материалдары жалпы Жору тукумдарынын катышуусу менен бир нече жолу талкууланып, ондогон жылдарды камтыган убакта такталып жазылган. Теңизбай уругунан мурдагы мезгилдерде Биймырза, Танырык бий, Кожоназар бий, Жапан датка, Шапаке датка, Назар палван, Айман уулу Маанаке олуя, Мустафа Ахметов-агартуучу чыккан. Булар тарыхый жазма булактарда белгилүү. Алардын кийинки урпактарынан атактуу инсандар: жазуучу Касымалы Жантөшев, атактуу кино актер, артист Советбек Жумадылов, атактуу залкар обончу Рыспай Абдыкадыров, белгилүү кинодраматург – Мар Байжиев, Анарбек Ибраев, эл аралык аренадагы белгилүү журналист — Аким Өзгөн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы- Г. Калиева, коомдук ишмерлер – Шарип Жээнбеков, Бакы Ешмамбетов, Раатбек Ешмамбетов, Курмантай Абдиев, Каныбек Осмоналиев, Кантөрө Токтомаматов, Жусупбек Шарипов, Сооронбай Жээнбеков, Асылбек Жээнбеков сыяктуу белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмерлер чыгышып, жалпы кыргыз элинин керегине жарап келишкен жана азыр да кызмат кылышууда. Азыркы учурда элге төбөсү көрүнүп калган Жээнбековдордун атасы Шарип Жээнбеков да убагында Ош, Жалал-Абад облустарынын аймагындагы коомдук, чарбалык ишмер, кадыр-барктуу инсандардын бири болгон. Кыргыздын классик акыны Тоголок Молдо (Байымбет) “Тарых, Түпкү аталар” аттуу 1920-жазган (К.Жусупов,”Кыргыздар” 15-бетте) санжырасында Тенизбай уругунан чыккан — Шапаке датка, Дубана датка, Кыдыр ордочулар Адигиненин башка уруктары менен кошо Кокон хандыгын ээлеген хандар менен эрегишип, “Кудаяр хан ит багаар, итин баксын, бул элди бага албайт!” деп Кокондун ордосунан чыгарбай, аны кармап турганын жазган. Көптөгөн оозеки жана жазуу түрдөгү маалыматтарда, мисалы, журналист Ж.Осмонкулов, санжырачылар Сапарбай Жаныбай уулу, Эсенкул Төрөканов, Турдубай Умар уулу сыяктуулар Тенизбай уругун Жору (Жолжакшынын) белдүү уруусу экендигин жазышып, “Ак үзөңгү Тенизбай” деп аталаарын маалымдашат. Сооронбай Шариповичтин ата тегинен – Биймырза бий, Танырык бий, Кожоназар бийлердин тарых-таржымалдары элдин эсинен чыкпай, азыр да эскерилип, дастан болуп айтылып, жазылып жүргөндүгүнө изилдөө мезгилинде күбө болдум. Мисал катарында Сооронбай Шариповичтин алтынчы атасы (Жотосу) Кожоназар бийдин жалпы Адигине, Тагай балдарына той (Аш) берип жаткан учурунда өзүнүн уруулаш тентуштарынын бирөөсү “Кожоназар бий, сен аш-той өткөрөөрдөн мурда башка элде жашап, күйөөсү өлүп, жесир калып, бир уулун ээрчитип кыйналып жүргөн карындашыңын турмуш шартына карабайсыңбы?” деп уяткарганда чабаган жиберип, бир нече күн издетип, жесир калган карындашын таптырып, үйлүү, мал-мүлктүү кылат. Бирок тойго келген элге такыр билдирбестен, тойду ондогон күнгө токтотпой уланта бергенин азыр акылман абышкалар эскерип жүрүшөт. Кыргызда терең философиялык мааниге ээ болуп келген – “Аккан арыктан суу агат” деген макал жогорудагы С.Жээнбековдун ата-бабаларынын бий болушуп, кыргыздын чыгаан уулдарынын катарында өз доорлорунда кызмат кылып келгендиги, алардын урпактарга берип келген сапаты, мурасы экенин тастыктап, далилдеп турбайбы.
Жараткандын Адамзатка, деги эле жандуу жаратылышка берген ыйык мыйзам ченемдүүлүгүнүн бири тукум куучулук эмеспи. Бул дүйнөлүк масштабда жаратылыштын, анын катарында тирүүлөй жандыктын жана адамзат коомчулугундагы тукум куучулуктун анык экендиги илимий негизде тастыкталган нерсе . Планетардык масштабдан караганда деле баатырдан баатыр, ырчыдан ырчы, бийден бий, хандан хандар төрөлүп келгени Жараткандын өзгөргүс мыйзамы. Жок эле дегенде мындай асыл касиеттер тукум куучулук мыйзамынын негизинде эне тарабына оойт. Ошондуктан Кыргыз накылында “Катын эмес кайын танда”, “Эр тайын тартат” деген терең турмуштук философия кылымдар бою сакталып келет. Азыркы өнүккөн илим деле муну танбайт. Бул жагынан караганда Жээнбековдордун тукумдарынын касиеттүүлүгү мурдагы ата –бабаларынын жолун улап, кыргыз элине пайдасы тийчү азаматтардын дагы келечекте жараларына шек жок экендигин далилдейт. Жогорудагы маалыматтардын тастыктоочу далилдери менен кеңири таанышууну каалагандар «Кыргыздын Жору (Жолжакшы) уруусунун санжырасы» китебин окуп таанышса болот. Республикалык, Ош облустук китепканаларда жогоруда аталган китеп бар.
— Демек, анда Сооронбай Жээнбековду кыргыз эмес деп жазып чыккан интернет сайтынын маалыматы жалган турбайбы?
— Ооба, сайттагы берилген маалымат толугу менен жалган, негизсиз. Абийирсиздик менен ойлонулуп табылган, атайылап таркатылган жалган, ушак, жалаа деп эсептейм. Жогорудагы кыскача маалыматтардын тууралыгына толук кепилдик берем. Сооронбай Шарипович тектүү жердин кулуну, чыныгы кыргыздын уулу. Кыргыздын Адигине уруусунун бири Жорунун (Жолжакшы) Тенизбай уругунун Биймырза тобунан. Жээнбековдордон келечекте Жараткандын буйругу менен дагы көптөгөн эл башкаруучулар чыгаарына терең ишенем. С.Шариповичтин жүрөгүнүн таза, ак ниет, башкаларга дагы ишенүү менен мамиле кылуусу, напсисинин токтугу, чечкиндүүлүгү, көсөмдүгү сыяктуу Жараткан берген касиеттеринин бар экенин бир топ жылдан бери жолугушууларымда ынандым. Буга жеке абийиримдин, Жараткандын алдында күбө боло алам.