Кыргызстанды 25 жылга жакын башкарган Турдакун Усубалиевди Эсенгул Усубалиев 71 жашында оорудан улам каза тапты. Анын сөөгү бүгүн Кочкордун Теӊдик айылына коюлду. Туугандары анын сөөгүн Бишкекке коюну көздөгөнү менен, шартка жараша айылга коюлуп калганы айтылууда.
Маркум Эсенгул Усубалиев улуттук университеттин тарых факультетин аяктап, өзү окууган окуу жайда бир топ жыл иштеп, проректорлук кызматка чейин жеткен. Уулу Эсенбек дин таануучу, кызы болсо эл аралык уюмдарды иштейт. Ал эми жубайы учурунда чет мамлекеттерде элчиликтерде жоопту кызматтарды аркалаган. Эске сала кетсек, Усубалевдин балдарынын аты Сыргак, Эсенгул жана кызы Бермет. Учурда Эрмек Сыргакович Бишкек шаардык кеӊешинде КСДП фракциясынан депутат.