Турат Аким өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына ачуу чындыкты бетке айткан пост жазды.
(7-апрелден кийин жазылган ойлор — бүгүн толукталды)
Эмнеге Кыргызстан – Малайстан?
Анткени карапайым калк 7 апрелден кийин дагы кулдук сезимден кутулган эмес. Ошондуктан, элибиз дагы-да атылса — эч адилетке жетпес. Эл оңолбогон соң — бийлик өзгөрбөйт. Кыргыздын көбү дагы эле келечегин көрө албаган эскиге жармашкан эл экен…
Аң сезими төмөндөр өз арасынан эч бир ырыстуу адамды көтөрө албайт — ичи таарып, кызганып, ушактап, жамандап, кемсинтет. Бирок байды көрсө өзүнөн-өзү ага кулдук уруп, бутуна жыгылып, колтугуна кыпчылып, кулагына шыбырап башкаларды боктоп, байды катынындай көрүп калат. Чындыкты айткан киши менен жакалашып, бай үчүн өлүп ар-кылмышка барат. Шайлоодо өз добушуна кошуп бүт тууган-уругун жана кошуна-колоңун сатып — байга алгыр тайган болуп берет. Бай болсо машина терезесинен карап күлүп коет.
Уурубайлар аянтка чыкпайт, митинг кылбайт, бакырбайт, атылбайт, жарадар болбойт, өлбөйт. Алар акырын түнү менен Ак-үйгө кирип, кабинетти ээлеп, анан баарын чечип кайф тутат. Мезгили менен бириге калып (партияга сыягы) кулдарды акчага желдет кылат.
Элдин макоолугунан Уурубайлар 30 жыл бою алмашпай тазаланбай топ-мафияга айланган. Бири-бирине куда-сөөк, жоро-жолдош, абысын-бажа, кайын-журт, өкүл-ата, ака-үка, эже-сиңди, классташтар, курсташ, коллега, однополчан, шерик болуп чырмалган жылан уюгуна айланган. Ошентип калктын 1% (6000 уй-булөө) 30-жылда Кыргызстанды колот-сайына чейин бөлүштүрүп башкарып алган, маалы менен алмашып турушат. А кулдар буларды ула-улам шайлап элита кылып чуркап, мойнуна миңгизип, чучук карта-казы тартып бийликтин төрүнө чыгарат.
Эмнеге ушундай?
Анткени биз — өзүн сыйлабаган, саясий аң-сезими төмөн, намысы жок элбиз. Кытайда мындай элитаны ит сыяктуу сүйрөп эчак атып салмак. Биз болсо улуттун келечегин, кенч-байлыгын, намысын буларга тапшырып коюп, дагы эле үмүт узбөй алдына жалаяк болуп, турмөдөн чыгарабыз, шеф кылабыз деп чөнтөгүн сагалап жүрөбүз. А булар кыргыз жерин, тарыхын, келечегин оптом саткан саткындар.
Негизи, ууруларды ардактаган эл жарыбайт…