8-апрелде Бишкекте «Туран» улуттук кайра жаралуу демократиялык партиясынын идеологиялык платформасынын бет ачары болуп өттү. Иш-чарага көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер, саясатчылар, коомчулуктун жана ЖМК өкүлдөрү чакырылды.
Партия XX кылымдын 20-жылдары биринчи кыргыз интеллигенциясы тарабынан негизделген, кыргыз элинин биримдигин жана баш кошуусун жактаган «Туран» социалисттик партиясынын мураскору.
Бүгүнкү күнү «Туран» саясий партиясынын лидери болуп, Жеңиш Молдокматов эсептелет.
Бет ачардын жүрүшүндө «Туран» Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүн сактоого жана чыңдоого арналган жаңы саясий конструкцияны калыптандыра турганы айтылды.
«Туран» саясий партиясынын лидери, партия азыркы бийликке ачык каршы тура турган жаңы оппозициялык күч экенин билдирди. Ал бийликтин адилетсиз чечимдерин жана иш-аракеттерин сындайт, өзүнүн өнүгүү жолун сунуштайт.
«Кайра жаралуунун, жаңылануунун жана жаратмандыктын мезгили келди! «Күчтүү укуктук мамлекет куруу» — деген бирден бир максат үчүн биригүүгө убакыт келди. Биздин Кыргызстанды жаңы жүздөр, жаңы интеллигенция жана кесипкөйлөр менен таза барактан баштап курабыз», — деп баса белгилеген Ж.Молдокматов, бардык кыргызстандыктарды биригүүгө чакырды.
«Келечек биздин колубузда. Анын кандай болушу – өзүбүздөн көз каранды. Ынтымак, биримдик, эркиндик жана мамлекеттик түзүлүш маселесиндеги бардык жарандар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөр – бул биздин эгемендүүлүктүн кепилдиги», — мындай ой бет ачар иш-чаранын катышуучуларына көрсөтүлгөн он мүнөттүк видеороликте айтылды. Ошондой эле, партия мүчөлөрү тарабынан өлкөнү экономикалык өнүктүрүүнүн өздүк көз карашы тааныштырылды.
«Туран» партиясынын негизги идеясы – кыргызстандыктарда улуттук өзүн өзү сактоо инстинктин ойготуу, мамлекеттүүлүктү сактоо жана андан ары өнүгүү үчүн баш коштуруу.
«Туран» демократиялык партиясы жөнүндө
“Туран” социалисттик партиясынын башкы уюштуруучусу Абдыкерим Сыдыков болгон, ал 1917-жылы “Алаш” кыргыз-казак партиясынын пишпектик бөлүмүн жетектеген.
“Туран” социалисттик партиясы XX кылымдын 30-жылдары жоюлган. Анын көпчүлүк жетекчилери жана катышуучулары репрессияга кабылган. Репрессия толкуну кыргыз элинин мыкты уулдары болгон Ж.Абдрахманов, А.Орозбеков, Т.Айтматов, И.Айдарбеков, И.Арабаев, К.Тыныстанов, Т.Жолдошев, Б.Исакеев, С.Шамурзин сыяктуу чыгаан инсандарды жок кылган. “Туран” партиясына мүчө болгону үчүн улуу хирург Иса Ахунбаев камакка алынган. Ушул инсандар кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башында турган.
Бүгүнкү күнү “Туран” социалисттик партиясы – бул келечектүү жаштардын партиясы, жигердүү инсандардын партиясы, ийгиликтүү инсандардын партиясы. Тынчтыкты жана туруктуулукту сактап турган патриоттордун партиясы.
“Туран” партиясынын эн белгиси, партиянын аталышынын жана графикалык элементтен турат, ал өзүнө Кыргызстандын картасы жашырылган күндүн, айдын, карышкырдын башынын сүрөтүн камтыйт. Күн Кыргызстанды, бакубатчылык, айкындык алып келген жаркын келечекти жана жылуулук менен үмүттү, Ай ачык асманды, жаңы башталышты жана адеп-ахлахты билдирет. Күн менен Ай биргеликте Манас-атанын белгиси болуп саналат. Карышкыр – акылмандыктын, эрдиктин, майтарылгыс кайраттын, өз элине берилгендиктин белгиси.