“Түндүкэлектр” ишканасына керектөөчүлөр жарым миллиард сомдон ашык карыз.
14-сентябрдан тартып кызматкерлер этап менен жарык берүүнү чектеп баштайт.
Мындан улам ишкана жарандарга төлөмдөрдү убагында жүргүзүүгө жана карыздарды кечиктирбей төлөөгө чакырат.
Белгилеп кетсек, ишкана күзгү-кышкы сезонго карата даярдык иштерин жүргүзүп жатат.
Чогулган каражаттын басымдуу бөлүгү электр жабдууларын оңдоого багытталат.