Домой Коом Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун салуу боюнча тендерге 5 компания арыз берди (видео)

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун салуу боюнча тендерге 5 компания арыз берди (видео)

691
Bishkek - Naryn Road Project (Reconstruction of Bishkek - Naryn - Torugart road). People depend on roads to bring them to markets, jobs, schools, and health centers. Soon, ADB will have rehabilitated almost 1,000 kilometers of roads, such as the only one connecting the cities of Bishkek and Osh. Border-crossing points will also be refurbished,further easing travel.

Бүгүн Транспорт жана жол министрлигининде Түндүк-түштүк альтернативалык жолун салуу боюнча тендердин биринчи этабы өттү. Тендердин төрагасы министрдин жаңы дайындалган орун басары Кайымбаев Нурлан, мүчөлөрү Базаралиев, Мукашев, Бейшевдер болушту. Ал эми тендердин мыйзамдуу өтүшүнө: Жогорку Кеңештин депутаты Аманкул Токтомамбетов, коомдук байкоочулар Кожояров, Садакбаев, тендерге катышуу үчүн арыз жазган компаниялардын өкүлдөрү байкоо салышты.

Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун 3-фазасына кирген Нарын облусундагы Дыйкан-Эпкин жолунун (Жумгалдын Дыйкан айылынан тартып, Кочкордун Эпкин айылына чейин) аралыгы 69,7 чакырымга созулат. Мына ушул жолду салууга 5 чет элдик компания (төрт кытай, бир ажербайджан компаниясы) арыз жазып, катышуу ниетин билдиришкени бүгүн тендердин журүшүндө белгилүү болду. Министрликтин өкүлдөрү бул 70 чакырымга канча миллион доллар коюлганын сыр катары кармап,

Эске сала кетсек, ушул 70 чакырымга созулган Дыйкан-Эпкин жолу 2018-жылы салынып баштаган. Анда тендерден италиялык ТОДИНИ деген компаниясы утуп алган. Бирок бул компаниядан Транспорт министрлигин мурунку жетекчилери жалпысынан 520 миң доллар пара алышып, иш сотко өтүп жол курулушу созулуп кеткен. Бирок ал компания аталган жолду салуу иштерин баштап, сапатсыз куруп баштап, жалпы коомчулуктун катуу сынына кабылган соң, жолду салуу ишинен четтетилген. Маалым болгондой, бул компания Нарын облусуна эч кандай техникалары жок барып, жергиликтүү ДЭУнун техникаларын ижарага алышып, иштемиш этишкен. Ошону менен катар курулуш иштеринин баасын атайы жогорулатышканы маалым болгон. Италиялык компаниянын жоопкерчилигин кароо маселесин күн тартибинде турат. Бул маселе кийинки тендерге катышып жаткандарга сабак болууга тийиш.

Ошентип, бул жолдун курулушунун багы эмгиче ачылбай келет. Жазында Жумгал эли жолду тосуп, митингге чыгышып, жаңы тендер өткөрүп, жолдун курулушун тездетүүнү талап кылышкан. Эми минтип жаңы тендер өтүп баштады. Тендер бир нече этап менен өтүп, бир, эки айдын ичинде утуучу компания маалым болот. Мурун ТОДИНИ компаниясына 41 млн. доллардан ашуун акча которулуп, анын 9 пайызынын өздөштүрүшкөн…

Тендерге катышуу ниетин билдирген 5 компания: