Абоненттерден “Түндүк электр” ишканасына төлөнө элек карызынын жалпы суммасы 500,6 миллион сомду чапчыйт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирип, 14-сентябрга чейин карызын төлөбөгөн мекемелердин жарыгы өчүрүлөрүн эскертти.
Бир миллион сомдон ашык карызы бар ишканалардын тизмеси:
“Бишкек жарык” муниципалдык ишканасы — 22,9 миллион сом;
Мамлекеттик имараттар департаменти — 6,3 миллион;
Бишкек троллейбустук башкармалыгы — 2,8 миллион;
ЖАМКтын 36/47 мекемеси — 2,6 миллион;
Улуттук хирургия борбору — 2,5 миллион;
“Спорттук шаймандарды жана спорттук камсыздоо башкармалыгы” мамлекеттик мекемеси — 2,3 миллион;
“Учкун” ААК — 1,9 миллион;
“Бета Иншаат Ятырымжылык” ЖАК — 1,9 миллион;
“Кыргызмебель” ААК — 1,6 миллион;
“Орок кыш заводу” ЖЧКсы— 1,2 миллион.
