Домой Мыйзам «Түндүк-Чыгыш» бажысында «убактылуу ташып кирүү» бажы жол-жобосун бузуу фактылары аныкталды

«Түндүк-Чыгыш» бажысында «убактылуу ташып кирүү» бажы жол-жобосун бузуу фактылары аныкталды

40

«Түндүк-Чыгыш» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБ жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуунун алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө «Д.» ЖЧКсы тарабынан 2023-жылдын 22-февралына чейин аяктоо мөөнөтү менен «Убактылуу ташып кирүү» бажы жол-жобосунда 2004-жылы чыгарылган «Mercedes-Benz Atego» жүк ташуучу унаасы тариздөөдөн өткөндүгүн аныктаган.

Бирок, милдеттенмелер аткарылган эмес, транспорт каражаты ЕАЭБдин бажы аймагынан чыгарылбаган жана ЖЧК «убактылуу ташып кирүү» бажы жол-жобосунун мөөнөтүн узарткан эмес. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 747 007 сомду түздү.

Ушундай эле факты 1994-жылы чыгарылган «Mercedes-Benz Atego» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаага карата да аныкталган. «А.А.А.» аттуу Кыргыз Республикасынын жараны 2023-жылдын 10-мартына чейин бул жол-жобосун аяктоо мөөнөтү менен «убактылуу ташып кирүү» бажы жол-жобосу боюнча автоунааны алып келген. Ошол эле учурда, убактылуу ташып кирүү жол-жобосун узартпастан, транспорт каражаты ЕАЭБдин аймагында калган. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 626 миң 826 сомду түздү.

Жогорудагы фактылар КБР МКЖ АДСе катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилген.