Домой Коом «Тулпар» картасы жок жүргүнчүлөрдүн жол кире акысы кымбаттайт

«Тулпар» картасы жок жүргүнчүлөрдүн жол кире акысы кымбаттайт

14

Бишкек мэриясы коомдук транспорттун баасын көтөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Бишкек троллейбус департаментинин директору Артур Өмүрзаков брифингде билдирди.

Анын айтымында, тариф барына эмес, накталай акча төлөгөндөргө көтөрүлөт. Өмүрзаков жарандарды айдоочулардан жана соода түйүндөрүнөн «Тулпар» карталарын жигердүү сатып алууга үнөдү.

«Себеби жакынкы аралыкта биз накталай акча төлөөгө тыюу салабыз. 1-январдан тарта иштөө пландалып жатат. Буйрук чыгарып,ага ылайык иштейбиз. Азыркы учурда жол акы 8 сомду түзөт, ал эми накталай акча үчүн биз аны көтөрүшүбүз керек»- деди Өмүрзаков.

Өмүрзаков жол кире канчага көтөрүлөрүн так айта алган жок, алдын-ала жол кире 12 сом болот деп божомолдогон.