Домой Саясат Туйгунаалы Абдраимов УКМК тапкан байлыгы тууралуу: «63 жашымда селсаяк болбойм да»

Туйгунаалы Абдраимов УКМК тапкан байлыгы тууралуу: «63 жашымда селсаяк болбойм да»

491

Мыйзамсыз баюуга шектелип УКМК тарабынан кармалган өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов өзүнө тагылып жаткан айыптар боюнча комментарий берди.

«Мен өзүм таң калдым, мынча мүлктү кайдан алдым? Акыркы 20 жылдан бери ишкерлик менен алектенип, мамлекеттик кызматта иштедим. Акыркы беш жылдан бери мен ишкерлик менен гана алекмин. Мага эмне себептен мынчалык көңүл буруп жатканына таң калып жатам. Менде 2005-жылдан бери конок үйү жана мал багуучу жай бар. Эгерде мен 63 жашымда буларды иштеп таппасам анда кызык болмок. 1995-жылы Көк-Жардагы кичинекей үй сатып алынган, 2000-жылдардын башында досторум Ивановкадагы «Кайнар» ЖАКсын беришкен. Ивановканын жашоочулары муну билишет. Менин чоңойгон балдарым бар, алар кадимки батирлерде жашашат. Мен «Ысык-Ата» пансионатына реабилитациялык борбор куруп жатам, 400 миң доллар насыя алгам», — деп билдирген Vesti.kg сайтына Абдраимов.

Анын айтымында, мунун баары экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары менен тыгыз байланышта болгондугуна жана Кой-Таштагы экс-президенттин туулган күнүнө арналган сөзүнө байланыштуу болушу мүмкүн экенин айткан.

«Кой-Таштагы сөз укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин чечкиндүү аракеттерине таасирин тийгизди. Мен 16 батирди жана 16 унааны кайдан алдым? Бир нече батирлер бар. Мен селсаяк болбойм да. Эч бир объект муляж катары катталган эмес. УКМК пресс-релизин туура эмес жазып, баарын адаштырды», — деген Туйгунаалы Абдраимов.

Кечээ, 20-сентябрда УКМК Туйгунаалы Абдраимовдун мыйзамсыз баюуга шектелип кармалганын билдирген. Кийинчерээк УКМК анын мүлктөрүн жарыялаган.

super.kg