Домой Саясат Торутаев жүрүшүн ыкчамдатсын!

Торутаев жүрүшүн ыкчамдатсын!

22

Өлкөнүн бажы чөйрөсүндөгү маселелер машакаттуу болуп турганда Торутаевден дайын жок. Бюджет сыяктуу күрөө тамырдай маселеге түздөн-түз көз каранды болгон бул тармактын эки тизгин, бир чылбырын колуна карматканда, бийлик ага кандай ишеним артканын Алтынбек акебиз алигиче сезбей жаткан шекилдүү. Аныгында, мындай муратка жеткен да бар, жетпеген да бар. Бирок, беделдүү “креслого” отурганына эле кайыл болуп калганбы, айтор Торутаев иштин майын чыгара албай жатканы ачык эле көрүнө баштады. ”

Жаңы жетекчи, эски схема” деген сынга кабылса дагы өкмөт учурунда Торутаев мырзаны “бажы ишинин өзгөчөлүгүн жакшы билет, анын ачык-айкындыгын камсыз кылат” деп ишеним көрсөткөн. Соңку кездеги окуялардан кийин эселеп иштей турчу Торутаевдин “тоотпостук” же “кенебестик” мамилеси өзүнө жүктөлгөн жоопкерчиликти оңдуу аткарбай жатканын ачыктады. Антсе да убакыттын өтүшү менен эт менен челдин ортосунда жүргөн мындай чабалдык бийликке деле жакпаса керек. Коомдун бир бөлүгү катары биз дагы коңгурообузду кагып, Торутаевге минген атын камчылап, жүрүшүн ыкчамдатпаса, анын мажүрөөлүгү өкмөттүн гана эмес, мамлекеттин да аброюна сокку болорун эскертип коёлу дедик…

Булак: Багыт.kg