Домой Коом Төрөтканаларда бала сатуу уланып жатабы?

Төрөтканаларда бала сатуу уланып жатабы?

151

Төрөтканаларда бала сатуу уланып жатабы деген ойго түрткөн төмөндөгү билдирүү коомчулукту нес кылды. Укук коргоочу Рита Карасаротова өзүнүн интернет баракчасынан колуна тийген катты жарыя кылды.

«Эже сиздин жардамыңызга муктажмын, эмне кылышым керек, кайсы жактан жардам алсам болот. Мен ….,Чуй Токмок шаарынын болницасынан эгиз эки уул торгом, бир жарым суткадан кийин бироосун температура болуп жатат деп, алып кетишип бир сааттан кийин чарчап калды деп коюшту, эмне болуп чарчаганын сурасак тушундуруп бералбай коюшкан, баланы королук десек моргто деп корсотпой коюшкан, милиция чакырып дагы баланы алалбай койдук. Ошо менен мен баланы корбой калдым, эртеси жолдошума бериптир баланы моргдо деп алдап коюшуптур болницанын ичинен эле алып чыгып беришиптир, эмне болуп чарчаганын билели деп вскрытияга бергенбиз заключениесин эки айдан кийин чуркап журуп аран чыгарттык, заключениеде ичтен олук торолгон бала болуп чыкты, менин балам тируу торолуп, эмчек эмип жанымда жаткан. Бизге берген бала менен менин баламдын рост, вес, окружность головы, окружность груди баары тен дал келген жок. Ошонун баарын коруп билип туруп, биздин милициялар эч чара корбой жатышат барбаган, кайрылбаган жерибиз калган жок. Врачтар болсо биздин бала кылып жазатып жатышат, ошондо менин баламды аборт кылынган балага алмаштырып салышыптыр. Эч жерден чындык таппай жатам, 8 ай болду чуркап жургонубузго, эч жыйынтык чыкпай койду, жардам бераласызбы? Бизде Кыргызстанда эч кандай закон иштебейткен, карупцияга малынбай эле чогуп кетиптирбиз, карапайым элдин унун эчким укпайткен. Бул врачтар менин эле балам эмес коп балдарды сатышаткен милициялар менен чогу иштешет экен, биздин ишти такыр жылдыртпай жатышат, мен журогум менен сезип жатам балам тируу, бироонун колунда чоноюп жатат. Эже сизден жооп кутом»- деген жабырлануучу жазган катында. Кантип жардам бере алабыз?- деп укук коргоочу коомчулуктан жардам сураган.

Марат Өмүрбеков

Булак: Багыт