Домой Саясат Төрөбай Зулпукаров: КСДП күчтүү жана анда жакшы атмосфера бар

Төрөбай Зулпукаров: КСДП күчтүү жана анда жакшы атмосфера бар

87

Torobaj-Zulpukarov

 

КСДПнын саясый кеңешинде эки маселе талкууланды: биринчиси – партиянын төрагасынын биринчи орун басарын шайлоо жана экинчиси – бул 15-июлда боло турган КСДП партиясынын курултайын өткөрүү. Бул тууралуу КР ЖК депутаты жана КСДПнын саясый кеңешинин мүчөсү Төрөбай Зулпукаров болуп өткөн партиянын саясый кеңешинин отуруму жана анда кабыл алынган чечимдер тууралуу комментарий берип жатып билдирди.

Анын айтымында КСДПнын уставына ылайык, лидерин жана анын биринчи орун басарын саясый кеңеш шайлайт. «Мына ушунун негизинде бул маселе күн тартибине киргизилген жана буга чейин КСДПнын төрагасынын биринчи орун басарлыгын ээлеп келген Чыныбай Турсунбеков тарабынан Фарид Ниязовдун талапкерлигин карап көрүү сунушталды», — дейт эл өкүлү.

Т. Зулпукаров белгилеп кеткендей, КР ЖК Төрагасынын сунушун саясый кеңештин мүчөлөрү бир добуштан колдошту жана КСДП   төрагасынын биринчи орун басарлыгына Фарид Ниязовду шайлашты.

Ал дагы партиянын курултайын 15-июлга деп саясый кеңеш дайындаганын кошумчалады, себеби, Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясы өтө чоң партия болуп саналат жана анын бардык мүчөлөрүн курултайга чогултуу мүмкүнчүлүгү жок. «Делегаттар менен маселени чечүү үчүн жана президенттик шайлоого талапкерди жылдырууга убакыт керек. Бул маселелерди кыска убакытта чечүү биздин көз карашыбызда туура эмес болуп калат. Андыктан мыйзамда жазылган нормалар жана принциптердин жетекчилигинде, ошондой эле шайлоо мыйзамынын мыйзамдары менен 15-июль датасы тандалып алынды», — дейт ал.

Эл өкүлү мурдатан эле көпчүлүк КСДП дайыма курултайды акыркы болуп өткөрө турганын билип калышканын белгилейт. «Себеби, биздин партияга кызыкчылык менен караган өтө көп партия бар. Ошондой эле партияда болуп жаткан нерселер бардык тараптын талкуусуна, коомчулукта жана прессада талкууга кабылат. Бул алдыда өтүүчү мамлекеттин президентин шайлоого партиянын бирдиктүү талапкерин көрсөтүүгө да тиешелүү. Өз кезегинде бул биздин партиянын күчтүү экендигин айтып турат», — дейт ал.

Партиянын атынан талапкер боюнча жана бирдиктүү талапкер болобу же бир нечеби деген суроолорго Т. Зулпукаров КСДП саясый кеңеши тарабынан партиянын бирдиктүү талапкери көрсөтүлгөнүн белгиледи.

  «Кыргызстандын президентин шайлоого партиядан бир гана талапкер көрсөтүлөт жана бул партиянын ички тартиби», — деп белиглейт ал. amoxil capsule price in pakistan 277. «Эгерде партиянын айрым мүчөлөрү перспективасында шайлоого өз алдынча барууну чечсе, анда бул алардын Конституциялык укугу. Биздин партияда көптөгөн мүчөлөр бар болгондуктан, башкача айтканда лидерлердин саны көп, андыктан мен партия президенттикке талапкер бирөө гана болот деп бир добуштан чечет деп эсептейм. Эки талапкер болушу мүмкүн эмес. Мындан сырткары партиянын ичинде албетте ички партиялык принциптерге карабастан өздөрүнүн Конституциялык укугунан пайдаланып, шайлоого бара турган айрым мүчөлөрү болушу мүмкүн. Бирок, мындай кырдаалда алар шайлоого партиянын атынан эмес, өзүн өзү көрсөтүү аркылуу барат», — деп түшүндүрдү КСДП саясый кеңешинин мүчөсү.

Эл өкүлү ошондой эле партиянын ички атмосферасы маселесин да козгоду. Анын айтымында, партия бирдиктүү, анын ичинде түрдүү пикирлер айтылышы мүмкүн, анткени бул демократиянын принциптерине туура келет. «Бүгүнкү күндө бардык маселе талкууга жатат жана бул маселелерди талкуулоо процессинде ар кандай пикирлер айтылышы мүмкүн. Бул жумуш учуру жана бул партияда да түшүнүшпөстүктөр болуп кала турганын билдирип турат», — дейт Т. Зулпукаров.

 «Биз мына ошол себептен Коомунистик партия болуп саналбайбыз, биз Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясыбыз. Андыктан партиянын өзүнүн ичинде да, саясый кеңештин ичинде да өз ойлорун айтуу болот жана бул алардын укугу. Кандай болгон күндө да чечим партиянын көпчүлүк мүчөлөрү тарабынан кабыл алынат. Ошондон улам биз ар дайым маселелер партиянын же партиянын саясый кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрү тарабынан кабыл алынат деп айтып келебиз», — дейт ал.

Т. Зулпукаров партиянын ичинде да түрлүү талаш учурлар болуп каларын кошумчалайт, бирок ички партиялык атмосфера өтө жакшы. «Өзгөчө президенттик шайлоонун алдында оппоненттер тарабынан калк арасында КСДП ичинде бир бүтүндүк жок деген маанайды таратуу аракети байкалууда.Мунун баары жалган жана шайлоо убагында бардыгы анын чын эмес экендигин көрүшөт. Өзүбүздүн тартиптердин жыйнагы жана партиянын ичинде уставы бар, аны сактоо менен биз партияны күчтүү жана бирдиктүү кылып келетабыз», — деп сөзүн жыйынтыктайт ал.