Домой Саясат Төрөбаев менен Бабанов тең укукта шайлоого катышам дешсе мандаттарын тапшырышы керек

Төрөбаев менен Бабанов тең укукта шайлоого катышам дешсе мандаттарын тапшырышы керек

58

Без названия

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Учурда шайлоого катышуу ниетин билдирип арыз жазган талапкерлердин 24ү калган. Анткен менен серепчилер негизги жарыш 3-4 талапкердин ортосунда жүрө турганын белгилеп жатышат.

Кыргызстандагы эң таасирдүү саналган КСДП президенттик шайлоого Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин жылдырган. 21-августта ал премьер-министрлик кызматын тапшырып, бул кадамга башка талапкерлер менен тең укукта шайлоого катышуу үчүн барганын билдирген.

Мыйзам боюнча С.Жээнбеков өкмөт башчылык кызматты убактылуу гана өткөрүп берсе болмок. Бирок, ал демократиянын бийик үлгүсүн көрсөтүп, таза шайлоого тилектештигин билдирип ушундай кадамга барды.

long time sex teblet name. Жогорку Кеңештеги “Республика – Ата Журт” фракциясынин лидери Өмүрбек Бабанов менен “Өнүгүү – Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев да президенттик шайлоого катышууда. Факты жүзүндө булардын колунда чоң бийлик бар, депутаттык кол тийбестиги менен кошо бир топ жеңилдитер каралган. Парламентте бийик трибунасы бар. Мыйзам бул талапкерлердин мандатын тапшыруусун талап деле кылбайт. Бирок, акыйкат шайлоо болсун десе, башкаларга үлгү болобуз десе Төрөбаев менен Бабанов да мандатын тапшырышы керек. Анткени алар парламент трибунасын, Жогорку Кеңештеги таасирин добуш берүүдө толугу менен пайдалана алат.

2010-жылдан кийин Кыргызстанда таза шайлоого жол ачылды. Жарандар биометрикалык маалыматтардын негизинде гана добуш берип, мурдагыдай шайлоо жыйынтыгын бурмалоо кан буугандай токтоду. Азыркы бийликтин талапкери саналган С.Жээнбеков кызматын да тапшырды. Муну менен бийлик болушунча таза шайлоо үчүн өз кадамын жасады. Эми оппозициялык маанайдагы саясатчылар болгон Төрөбаев менен Бабанов да чечкиндүүлүк кылып, мандатын тапшырышы зарыл. Ошондо гана чыныгы акыйкат шайлоого жол ачылат.