Жогорку Кеңештин маалымат кызматы төрага Дастан Жумабековдун атка мине албай жаткан видеосуна комментарий берди.
Бул окуяга Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу комментарий берип, видеонун оригиналын жүктөдү.
Төраганын атка мине албай калганы тууралуу бир ооз кеп. Бул окуя 2019-жылы 23-февралда журналисттер менен депутаттардын ортосундагы улак тартышта болгону чын. Социалдык тармактарга тарап кеткен кечээги видеону шайлоо жакындаганда жакшы монтаждалып, музыканын коштоосу менен кайра-кайра аттан кулагандай көрсөтүлгөн тамаша катары кабыл алдык. Төмөнкү шилтемеде монтаждалбаган версиясын дагы көрүп койсоңуз болот. P.S. Аттан кимдер гана кулабайт:-)))).
由 Ibraim Nurakun Uulu 发布于 2020年1月29日周三
«Төраганын атка мине албай калганы тууралуу бир ооз кеп. Бул окуя 2019-жылы 23-февралда журналисттер менен депутаттардын ортосундагы улак тартышта болгону чын. Социалдык тармактарга тарап кеткен кечээги видеону шайлоо жакындаганда жакшы монтаждалып, музыканын коштоосу менен кайра-кайра аттан кулагандай көрсөтүлгөн тамаша катары кабыл алдык. Төмөнкү шилтемеде монтаждалбаган версиясын дагы көрүп койсоңуз болот», — деди Нуракун уулу.
Ал ошондой эле «аттан кимдер гана кулабайт» деп жылмайган.