2012-жылы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдында Манас таануу институту негизделип, анда студенттер билим ала баштаган. Учурда аталган институттун абалы оор бойдон калууда. Анткени, институтту негиздегендердин бири Топчубек Тургуналиев Манас жана Чынгыз таануу академиясына ректор болгон.
Бирок Арабаев университетиндеги Манас таануу институтунун студенттерин ара жолдо таштап кеткен. Учурда 50дөй студенттин тагдыры чечилбей, көчөдө калышты. Же Арабаев университетинин ректору Абдрахманов маселени чечип салбайт же Тургуналиев студенттерди Академияга ала кетпейт. Эгер минтип келечек муунду көчөдө калтыра турган болгондон кийин анда эмнеге институтту ачышкан? Эми Топчукеден калган “өгөй балдардын” тагдыры эмне болот?
Булак: Ачык саясат