Домой Коом Төлөгөн Рахманберди уулу: «Ошто, түштүк жергесинде Матраимовдордун кланынан коркуп жашап калдык»

Төлөгөн Рахманберди уулу: «Ошто, түштүк жергесинде Матраимовдордун кланынан коркуп жашап калдык»

60

“Фейсбукта” Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановго таандык экени айтылган баракчага 14-февралда спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунун президентке кайрылуусу жарыяланды. Видеокайрылуу «Ошто, түштүк жергесинде Матраимовдордун кланынан коркуп жашап калдык» деген мазмунду камтыйт.

Анда Рахманберди уулу Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысынын иниси Нурбек Раимбековдун балдары жана Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев тапанча менен ок атып аны коркутушканын билдирген. Ал “Бул тууралуу ооз ачсаң, сенин жана Эмилбек Кимсановдун үстүнөн иш козготуп каматабыз» деп коркутушканын айтууда.

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Рахманберди уулунун президентке кайрылуусу негизсиз» деп маалымат таратты. Милиция Рахманберди уулу тергөөдө жалган көрсөтмө берип, арыз жазуудан баш тартып, ишти татаалдаштырып келген деген жүйөнү айтууда.

Сыдыков акыркы жолу Рахманберди уулуна карата 29-январда бир нече адамдардын кол салуусу боюнча иш козголуп, териштирүү башталганын, бирок Рахманберди уулу көрсөтмө берүүдөн жана арыз жазуудан баш тартканын билдирди.

«Азаттык» Кылычбек Саркарбаевден, Нурбек Раимбековдон жана Матраимовдордон азырынча комментарий ала алган жок.

Ош облустук милициясы «Саркарбаев 2019-жылдын 22-сентябрында Ош шаарына жакын Фуркат айылында мурдагы милиция кызматкери, эрежесиз мушташ чебери Төлөгөн Рахманберди уулун аткан» деп маалымат тараткан. Кийин Рахманберди уулу өзүн өзү атып алганын айтып чыккан. Бул иш сотко чейинки өндүрүшкө алынып, териштирүү жүрүүдө.

Саркарбаев Ош мэриясынын Спорт комитетин 2015-жылдан бери башкарат. Буга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун EREM спорт клубунда машыгып келген. Мэриядан Саркарбаевди ээлеген кызматынан кетирүү боюнча иш каралаарын билдиришти.

Нурбек Раимбеков болсо — Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун (мурдагы фамилиясы Раимбеков) бир тууганы. Ал буга чейин каракчылык боюнча кармалган.

Булак: Азаттык