Домой Маданият Төлөгөн Касымбековдун жалпы чыгармачылыгы жөнүндө китеп түрк тилинде жарык көрдү

Төлөгөн Касымбековдун жалпы чыгармачылыгы жөнүндө китеп түрк тилинде жарык көрдү

203

Белгилүү кыргыз жазуучусунун чыгармаларын эми түрк окурмандары да окуй алышат.

Түрк дүйнөсүнүн маданий кызматташуу эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) колдоосу менен Кыргыз Республикасынын баатыры Төлөгөн Касымбековдун жалпы чыгармачылыгы жөнүндө китеп түрк тилинде жарык көрдү. Бул китептин авторлору Түркиядагы күчтүү адабиятчылар профессор, адабиятчы Орхон Суйлемес жана доктор Самет Азар. Бул тууралуу Кыргызстан жазуучулар союзу билдирди.

Буга чейин Т.Касымбековдун “Сынган кылыч” романы жарык көргөн. Алдыда башка романдары жарык көрүү алдында турат. Анкара шаарындагы “Бенги” басмаканасында автордун “Адам болгум келет” повести басмага даярдалууда.