Домой Саясат Төлгө ташыңдын “тилегин” ылайым таш капсын!

Төлгө ташыңдын “тилегин” ылайым таш капсын!

80

129

Башаламан өкүм сүргөндө кайдагы бир элдин башын айлантууга максатталган тескери учкан жагалмайлар пайда болот. Бутка, белге оролгон терс нерселерди жантыгынан жата калып оңдой кылып көрсөтүүгө жан үрөгөндөр эмнени көздөйт? Арийне, андай кезде ар бир сөз алтын “корголго” бааланат. Ошол үчүн калпты чындай кылып токугандар каалгып чыгат каадалуу кишидей болуп. Өткөндө жай турмушун жасап жүргөндөр бир кызыктай маалыматты талкуулашты.

1366198394_77955300

online genetic viagra store. — Жакында бир укмуш келечекти айтуучу чыгыптыр. Көзүн жартылай жумуп алып жомоктой окуяларды божурай берет экен. Эми Кыдыргычева деген көзү ачыктын эшигин таң азандан тытмалагандар иттей дарбып кетишиптир. Тимеле кезек күткөндөрдөн бут коерго жер жок дейт. Теңир сактасын дечи, тигил шумдуктуу аял шайлоодон от чыгып, кан төгүлүп кетет деп жүрөктүн үшүн алып жатыптыр. Ылайым анын оозуна кара чаар жылаан тыгылсын деген киши жок. Азыркы бийликти төбөсү менен карагандарга сары майдай жагып жатыптыр. Анан да качкан эки президентти эл чакырып кечирет дептир, тилегиң каткыр.Баса Текебаев камактан чыккандан кийин молдо болуп жаштарга насаат айтып калат дегени элдин бүйүрүн кызытты. Айтор, бул шайлоо чатагы жок тынч өтсө экен деп жөтөлүп койду чокчо сакалчаны.

— Дагы бир Сойгонбаева деген төлгөчү пайда болуптур. Ал кара дубаны кыл сууругандай алып чыгарын бежирейт. Айрыкча саясатта жолу тосулуп калгандардын чоң акчасын алып, тумар окуп, мойнуна тагып берет имиш. Ажо болом деп оолуккандар түнкүсүн тигил аялга каттап жолун ачтырып, сыйын көрсөтүп жүрүшөт деген кеп тарады. Жалаң эле жолун эмес, андай байбачалардын мээсин кошо тазалап таштоого кудурети жетет экен. Чын эле кол жоорутпай, бел оорутпай тапкан байлыгынын көптүгүнөн мээлерин желе басып кетип жатпайбы? Мейли, ошол Сойгонбаева көпөстөрдү тикесинен кармап “сое” берсин акчасына маарып. Аларга сооп жок, — деп кебин бүтүрдү корто киши.

Жанагы Кыдыргычева дегениң жалаң тескериге дуба окуп жанын багат окшойт. Кыргыздар эми оңолуп келатканда мындай жаман жосунду элге таратканы жакшы жышаан эмес. Ылайым анын тилегин таш каап, базары жүрбөсүн. Анын жетегинде болгусу келип эшигин тытмалагандардын бутуна шал тийсин. Күзүндө кан төгүлгөндөн, бийлик кара мүртөз кишинин колуна тийгенден ары бололу. Безип кеткен түрү суук президенттер келбей эле койсун. Аларсыз эле кыргызстан өнүгө берет. Ага салыштырмалуу экинчи төлгө тарткыч Сойгонбаеваныкы эптүү экен. Ошол көпкөн көпөстөрдүн, кеңкелестердин акчасын дубалап ала берсин. Байлыктан башы шишигендердин акчасына доо жок. Арам акча ошол багытка жумшалганы туура.

Кызык, азыр ар кандай божомол-дөдөмөлдү чабыштырып олжо тапкандар арбыды. Анткени менен ошолордун төлгөсүн заманга бап келтирип кооздоп, чындыкка окшоштуруп токуган “кесиптештерге” да ыракмат деп коелу. Алар болбосо Кыдыргычева менен Сойгонбаеванын доораны сүрбөйт эле да? Ошентсе да чагымчылдык кыла турган төлгөчүлөрдү тим эле койгону оң го? Же шайлоонун алдында баарына жол ачык деген принципти колдоно беребизби? Эмнеси болсо да сөздүн касиетин жакшы нерсеге колдонсок майнаптуу болмок. Чаласабат көзү ачыктар саясатты жүлүнгө жеткире айтканга али жетиле элек. Демек, бирдемкени чиймелегенде ары жакты, бери жакты байкап анан соктурсаңар деген кеңешибизди кыстара кетели.