Домой Саясат Токтогул ГЭСи менен Орто Токойдогу  суу Казакстанга сатылдыбы?

Токтогул ГЭСи менен Орто Токойдогу  суу Казакстанга сатылдыбы?

155

Энергетика тармагында эксперт болуп бул багыттагы коррупциялык иштерди көп айтып жүргөн Расул Умбеталиев  жай мезгилинде  Токтогул ГЭСинен 2 миллиард куб суу Казакстанга агызылганын айтты. Ал өкмөттүн “Казакстанга 300 млн. куб суу агызылды” — деген билдирүүсү чындыкка дал келбей турганын баса белгилеп, “Улуттук энергохолдинг” компаниясы калп айтып жатат деди.

Умбеталиев:  “Токтогул  ГЭСиндеги суу Казакстанга секдасына 140-250  кубга чейин агызылып жатты. Демек, 1 суткада 12 млн. кубдан 20 млн. кубка чейин жетет. Демек,  жалпысынан  92 суткага көбөйтсөк, орто эсеп менен 1 млрд. 400 млн. куб болот. Мындан тышкары, Казакстан тарапка Нарын дайрасынан жана ага жакын аккан каналдардагы  суунун кубу 600 миллионго жетет”- дейт.

Туура. Бул жөн гана айтылган сөздөр эмес. Чынында быйыл абдан кургакчылык болду. Токтогул ГЭСинен тышкары, Орто-Токой суу сактагычында да суу азыркы учурда чөйчөктүн түбүндөгүдөй эле болуп турат.

Албетте, анча суунун баары сугатка кетти деп айтуу кыйын. Түз эле казак тарапка атырылып агат… Анын пайдасын көрүп жаткандар элди эмес, өздөрүн гана ойлоп жатышат. Мунун баары кышта элибизге кесепетин тийгизбесе экен. Ак үй, Көк үйдөгүлөр мынчалык эсирбей элди ойлосоӊор болбойбу…