Домой Саясат Токтобүбү Оргалча: Токмок шаарында заманбап автобустарды чыгара турган завод ачып жатабыз

Токтобүбү Оргалча: Токмок шаарында заманбап автобустарды чыгара турган завод ачып жатабыз

172

Жалпыга жакшы маалым болгондой, Бишкек шаарынын элин бир нече каттамдарда газ менен жүргөн заманбап автобустар ташып келет. Ушунча жылдан бери шаардыктарга мындай шартты Бишкек мэриясы түзүп бере алган эмес. Тактап айтканда, экс-мэрлердин борбор каалага мамлекеттик бюджеттен олчойгон акчалар менен алып келген автобустарынын теңинен көбү бир канча жылдан бери базада “автобустардын мүрзөсүнө” айланып токтоп турат. Бул анык мисал. Ал эми учурда “Альянс” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышып жаткан Токтобүбү Оргалча айым, Бишкекке жогоруда айтылган газ менен жүрчү автобустардан 54тү алып келген. Ал ишкер айым, муну менен эле чектелип калбастан, Токмокто заманбап автобустарды курап чыгара турчу заводду ачуунун алдында турат. Биз Токтобүбү айым менен мына ушул завод маселеси тууралуу маектештик. Кудай буйруса, бул завод ишке кирсе, кыргыз элине, кыргыз экономикасына чоң жаңылык болот….

-Токтобүбү айым,  Бишкекте коомдук транспорт маселеси абдан курч бойдон турат. Сиздер ушул маселени эске алып, Токмок шаарында жаңы, заманбап автобустарды курап чыгаруу боюнча завод ачканы жатыпсыздар. Мына ушул тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?

-Ооба, шаарда чынында траспорт маселеси абдан курч бойдон турат. Пандемия учурунда дагы биздин автобустар көчөдө зарыл иштер менен жүрушкөн бирин-экин элди деле ташып, тынбай иштеп турду. Маршуртка айдагандар жол кирени көтөрүү талабын  коюп, эл  ташыбай койгондо дагы биздин автобустар эл үчүн  күнү -түнү иштеди. Биз ушул ж.б. көйгөлөрдүн баарын эске алып, Токмок шаарында автобустарды куруп чыгара турган заводду ачуу менен акыркы бир жарым жылдан бери  алектенип келдик. Бул заводду Татарстан Респуликасынын Казан шаарындагы ПАО “КаМАЗ” компаниясы менен биргеликте  ачып жатабыз. Бул боюнча баардык келишимдерге кол койгонбуз. Ушул жылдын  аягына чейин ишке киргизип, Кудай кааласа, жетишип калсак, жаңы -жылга чейин, же жетишпей калсак  эмки жылдын башында автобустардын биринчи партиясын чыгарып, колдонууга берели деген ниетибиз бар. Токмок шаары:

 

Электр энергия менен жүрө турган автобустарды дагы чыгаруу ниетиңиздер барбы?

— Бар. Кудай буйруса,  электр -энергия менен жүрө турган автобустарды, электромобилдерди да чыгарууну максат кылып жатабыз. Чынында бул иш өтө кыйын иш. Ошентсе да биз болгон күчүбүздү жумшап, бул ниетибизди ишке ашырууга бел байлайбыз. Электр  автобустарды Бишкектин ичинде жүргүзүү үчүн тиешелүү жерлерде “электрзаправкалар” болушу зарыл. Биз ушул ишти да бүтүрүп, курушубуз керек. Буйруса, автобус өзүбүздөн чыгып калса, акыркы убактарда Бишкекке башка мамлекеттерден алып келип жатышкан автобустардын баасынан кыйла арзан болот. Бул биринчиден. Экинчиден жумуш орундары түзүлөт. Үчүнчүдөн мамлекетке салык төлөнөт.

Бул завод ишке кирсе, канча адам иш менен камсыз болот? Деги эле сиздер Кыргызстанда ишкерлик менен алектенген 5 жыл ичинде канча адамды иш менен камсыз кыла алдыңыздар?

-Буйруса, Токмоктогу заводубуз толук кандуу ишке киришип калса, ал заводдо аз дегенде 205 адам иш менен камсыз болот. Бара-бара заводдун кубаттуулугун арттырсак,  жумушчулардын саны улам көбөйүшү мүмкүн. Ал эми буга чейин жалпысынан 150гө жакын адамды иш менен камсыз кыла алдык. Мындан тышкары, Ош облусунун Кара-Суу районуна жүк ташуучу машинелер өтүүчү атайы терминал ачып, ишке киргизгенбиз. Ал жерде да учурда 50гө жакын адам иштеп жатат.


Токмок шаары. Агитаторлор менен…

Депутаттыкка аттанып чыкканыңыздын негизги себебин бир сөз айтыңызчы?

-Эң башкы себеп- Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошуу. Өзгөчө өнөр -жай, саламатыкты сактоо, маданиятты көтөрө турган мыкты мыйзамдардын үстүндө иштеп,  элге берген убадаларымды толугу менен  аткаруу.

«АЛЬЯНС» саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К Арзымбаеванын буйрутмасы менен «АЛЬЯНС» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү (Күб. №8 1.09.2021-ж.). 12.11.2021.