Домой Саясат Токтобүбү Оргалча: Кадамжайга малина жана өрүктү кайра иштетүүчү завод курабыз

Токтобүбү Оргалча: Кадамжайга малина жана өрүктү кайра иштетүүчү завод курабыз

44

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына «Альянс» саясий партиясынан депутаттыгына талапкер Токтобүбү Оргалча айым Кадамжай районунун шайлоочулары менен жолукту.

Талапкер айым шайлоочуларга партиянын программасынан тышкары, Кадамжай районуна жасай турган иш-максатын төмөндөгүдөй айтып берди:

Мен депутат болуп калсам мамлекеттик деңгээлде Баткен областындагы Кадамжай районуна малина жана өрүктү кайра иштетүүчү завод курууну ниеттенип жатам. Ал гана турсун бул заводду Кытайдан алып келүү үчүн атайын долбоорду даярдадык. Эгерде биз ушул заводду курсак, анда Кадамжай районунун эли жылына малина менен өрүктөн 100 миллион сом пайда көрүп келген болсо, кайра иштетүүчү завод курулгандан кийин алардын пайдасы 500-600 миллион сомду түзөрүнө экономикалык анализ жүргүзө алдык. Завод бар. Эми аны кай жерге куруп, кандай иштетүүнүн аракеттерин жергиликтүү бийликтер менен макулдашуунун эле шарттары калды.

Эске сала кетсек, «Альянс» партиясынын Токтобүбү Оргалча, Алтынбек Сулайманов, Жаран Акаев, Айсулуу Мамашева баштаган бир катар талапкерлери кечээ күнү Ош шаарында Ош шаарынын облусттук драм театрында эл менен жолугушкан.

«АЛЬЯНС» саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К Арзымбаеванын буйрутмасы менен «АЛЬЯНС» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү (Күб. №8 1.09.2021-ж.). 13.11.2021.