Домой Аналитика Токтайым Үмөталиева: “Рашит Бостоновду куугунтуктабай, баатырлык наамын ыйгарыш керек”

Токтайым Үмөталиева: “Рашит Бостоновду куугунтуктабай, баатырлык наамын ыйгарыш керек”

141

Рашит Бостонов «Кыргызнефтегазды» кирешеси боюнча Кыргызстанда № 1 ишканага айланткан. Мындай пикирин укук коргоочу Токтайым Үмөталиева «Жаңы ордо» гезитине курган маегинде билдирген.
Анын айтымында, азыркы учурда «Кыргызнефтегазды» кирешеси боюнча Кыргызстанда № 1 ишканага айланткан мурдагы төрагасы Рашит Бостоновго карата каралоо иштери жүрүп жатат.
«Мага жеткен маалымат боюнча, «Кыргызнефтегаз» ААКсынын кирешеси Рашит Бостонов жетектеп турган кезде Кыргызстандагы №1 ишканага айланган. Ал кишини куугунтуктабай, керек болсо баатырлык наамын ыйгаруу керек эле. Анын артынан түшкөндөр айлап-айлап айыбын таппай, күнөө иле албай койду. Тескерисинче, ошол текшерүүчүлөр дагы Бостоновдун тушунда ишкана өскөнүн билишкен. Мен ишкананын акционери катары Рашит Бостоновдун тушунда мекеменин өнүккөнүнө гана күбө болдум. Жалал-Абад шаарында, “Кыргызнефтегаздын” алдында Кыргызпетролиум-КПК деген 3 мунай продукцияларын чыгарган жана мазут топтогон заводду Рашит Бостонов күнү-түнү 250 адам иштей тургандай кылып, жолго коюп койгон эле»,- деди Үмөталиева.