Домой Саясат Токон Мамытов: Кыргыз-өзбек чек арасынын 85 пайызынын такталышы тарыхый окуя

Токон Мамытов: Кыргыз-өзбек чек арасынын 85 пайызынын такталышы тарыхый окуя

54

21414686_1512167025496635_2365852815154064839_o

— 5-сентябрда Кыргызстанга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен келди. Ал президент Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, сүйлѳшүү жүргүздү. Натыйжада кыргыз-өзбек чек арасынын 85%ы делимитацияланды. Мындай саамалыкты сиз кандай баалап жатасыз?

— Чек ара маселелери боюнча “кара жумушту” өкмөттөр аралык комиссия аткарышты. Мындан 10 жылдай мурун талаштуу чек ара тилкелерибиз такталып келип эле бирок, кол коюуга келгенде мурдагы президенттер баш тартып келишкен. Өзбекстан менен талаштуу чек ара тилкелерибизди тактоодогу негизги жылыштар өткөн жылдын декабрь айындагы президент Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга барган иш сапарында жанданды. Ошондон тарта эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу алака бардык жагынан алдыга жыла баштады. Ал эми кыргыз-өзбек чек арасынын 85 пайызынын такталышы тарыхый окуя.

— Чек араны тактоодо кандай ыкмалар өз натыйжасын берди деп эсептейсиз?

— Өткөн жылы ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өкмөттөр аралык жыйынында Өзбекстандын премьер-министри менен биздин андагы өкмөт башчыбыз Сооронбай Жээнбеков жолугушуп, чек араларды тактоо боюнча конкреттүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Чек араларды тактоого чындап киришип жатканын өзбек тарап ошондо кабарлаган.  Биз дагы ага даяр экенибизди айтып, Сооронбай Жээнбеков жетектеген өкмөт соңку 15 жылдан бери топтолуп келе жаткан иштердин баардыгын чогултуп, анализдеп, топтоп туруп, соңунда жакшы келишимдин долбоорун түзүүгө жетишти. С.Жээнбеков өкмөт башчылыктан кетээр алдында Өзбекстандык кесиптеши менен ошол келишимдин долбооруна кол коюп кетти. Аны болсо эки президент бышыктап, маселени аягына чыгарды.

— Демек анда чек араны тактоого Сооронбай Жээнбеков да чоң салымын кошкон десек болобу?  

— Албетте. Себеби, мен дагы бир жолу кайталап кетейин, 15 жылдын ичинде Өзбекстан тараптан дагы, биз тараптан дагы талаштуу чек ара тилкелерибизди тактоодо бир топ иштерди жасап келип, бирок, жасалган иштерди эки тарап таанып, протоколдорго кол коюп, мындан ары да жылалы деген тейде саясый чечим кабыл алыш керек болчу. Мындай чечимди Кыргызстандын биринчи да, экинчи да президенттери кабыл алган жок да. Баш тартып келишкен. Өзбекстандын дагы биринчи президенти айрым учурларда “ишти мындай кылбасаңар мен кол койбойм” дегенге чейин барган. Эми эки өлкөнүн президенттери бирин-бири коркутуп-үркүтпөй, маңдай-тескей отуруп, ийри отуруп, түз чечип коюшту. Президенттердин жылуу мамилесинин аркасында ага чейинки негизги жумушту Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов кылды. Акыркы чекитти А.Атамбаев менен Ш.Мирзиёев койду.