Домой Спорт Токон Мамытов, Акыйкатчы: Абактан Атамбаев да, Жапаров да мага көп сөз айтышты....

Токон Мамытов, Акыйкатчы: Абактан Атамбаев да, Жапаров да мага көп сөз айтышты. Бирок…

56
Кыргызстанда  абактарда, тергөө учурунда кыйноолор көп болоорун Эл аралык абройлуу уюмдар көп жылдан бери айтып келишет. Бул багытта кандай иштерди аткарып жатасыздар?

Бул багытта бир жакшы иш жолго коюлду десем болот. Кыйноолорду алдын – алуу  үчүн милицияга ар кандай багытта кириптер болгон адамдарга  дарыгер, адвокат  бөлүп берип, ошол кармап кеткен адамдарга изи сууй электе барып, дарыгер текшерип, адвокат укугун коргоп  туруу маселесин  өткөн жылдын сентябрь айынан бери ишке ашырып жатабыз. Бул маселени  алгач  Эл аралык уюмдар түшүнүшкөн жок.  Ал эми өкмөттүк эмес уюмдар бул маселени жакшы түшүнүп, колдоп кетишти.  “Азаттык үнү” деген өкмөттүк эмес уюм аркылуу жөнгө салдык. Алар болгон чыгымды көтөрүп, бул жагынан өздөрү иштеп  жатышат.  Биринчи Чүй, Бишкекте  3 топ түздүк.  Алар алдын –ала айтпай күн болобу, түн болобу,  биздин кызматкерлер менен убактылуу кармоочу жайларды кыдырып иш алып барып жатышат. Ушундай эле топ Ош, Жалал-Абадда да  ишин башташты. Жалпысынан бизге кыйноолор боюнча 40ка жакын арыз түшкөн. Ошонун 16сы боюнча арызды прокуратурага бердик.

—Акыркы учурда аялдарга каршы зомбулук күчөп жатканы айтылды. Өткөн жумада айрым депутаттар  мындай кылмышка өмүр жазасын  киргизүүнү сунушташты. Бул маселе боюнча  кандай пикирдесиз?

—Андай таш боордук кылмышка өлүм жазасын киргизүүнү маселеси боюнча сурамжылоо, иликтөөгө катышкандардын 60 пайыздан ашыгы колдой турганын байкадык. Биринчиден бизде өлүм жазасы жок.  Андай мыйзамды киргизиш  үчүн Конститутцияны өзгөртүү зарыл болот. Экинчиден, биз 2005-жылы Эл аралык келишимдерге кол койгонбуз. Андан да чыгышыбыз керек болот. Чыккандан кийин үчүнчү  маселе болот. Бизге дүйнө коомчулугу кандай карайт, эл аралык талаптарга жооп бере алабызбы деген  маселелерди ойлонушубуз керек. Өлүм жазасын мыйзамдаштыруудан мурун биз ошондой зөөкүрдүк оор кылмыштарды алдын-алуу иштерин күчөтүшүбүз зарыл. Социалдык жашоону оӊдоп, айбандык кылмышка баргызбоонун алдын алышыбыз керек. Башка өлкөлөрдөн укпайбыз, уксак да аз. А, бизде болсо бир жылда бир нече адам өз кызын зордуктаган абдан мыкаачылык кылмыштар катталып жатпайбы. Бул абдан зээнди кейитет. Жалпыбыз акыл эстин ишине басым жасап, руханий байлыкты күчөтүп, аӊ-сезимибизди өзгөртпөсөк болбойт…

—Абакта жаткан Садыр Жапаров менен жолугуп жатасыз. Аны эркиндикке чыгарат, чыгарбайт деген маселе көп айтылууда…

—Мен Садыр Жапаров менен 3-4 жолу жолуктум.  Көп эле нааразычылктарын айтты. Аны бошотуу боюнча көп маселелер айтылбадыбы. Жапаров бизге мен үч жолу мунапыска илинген жокмун деп кайрылган. Биз анын маселесин прокуратурга  жөнөткөнбүз. Прокуратура Жапаровго коюлган беренеде мунапыс колдонулбайт  деп жооп берген. Ал жоопту биз Садырга жеткиргенбиз.

—Жапаровдон тышкары Атамбаевге да жолуктуӊуз. Ал киши жеке өзүӊүзгө эмнелерди айтты. Ачыктай аласызбы?

—Бир топ кеп айтты. Мен анын баарын тизмектеп айтып бере албайм да. Ал киши биринчи кезекте өзүнүн туура эмес кармалганын баса белгилеп айтып келет. Бул боюнча биз да тиешелүү органдарга кайрылганбыз.  Органдар   баары мыйзамдуу болгону боюнча жооп берген. Башкы прокуратуранын андай жообун биз Атамбаевге жолдодук.

Суроо салган, Айбек ШАМШЫКЕЕВ

Булак: Багыт