Өткөн аптада тагырагы 5-мартта Токмок шаарынын электр энергиясын сатуу кызматынын жетекчисин шаардык кеңештин КСДПчы депутаты азыр болсо “Биримдик” партиясынын штабында жүргөн Тынай Жансеитов “Биримдик” партиясынын штабынын светин неге өчүрөсүң?” – деген шылтоо менен токмоктоп койгон. Аны жабырлануучу Улан Мукаев өзү ачык эле айтып чыккан. Токмоктолгон жетекчи жергиликтүү укук коргоо органдарына кайрылбай түз эле Президентке кайрылды. Кайрылууну өзгөртүүсүз беребиз.
Бүгүнкү күндө Токмок шаарында мыйзамдуулук жок болуп, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү беспредел кылып жатышат. 5-март күнү саат 11:30 да Токмок шаарынын Энергосбыттын жетекчиси Уланды, шаардын мэринин бир тууган иниси Амангелдиев Замир досу менен келип жумуштан салып – кетишкен (камераларды тийиштүү органдар караса так жана даана көрүнөт). Алар Уланды Шамшы көчөсүндө жайгашкан Биримдик партиясынын штабына алып барышат. Аны кыйнап, жумуштан өз ыктыяры менен кетем деп арыз жаздырып алат. Урматтуу президент, Бизде мыйзам иштейби? Же бандит-депутаттарга боло береби?
Ушул жерден суроо туулат, Токмок шаарында милиция барбы? Токмок ШИИБ калктын ишениминен чыкканбы? Чыкпаса жабырлануучу эмнеге кайрылган жок? Же ишеним арткан жокпу? Урматтуу Кашкар Астаканович, жогоруда аты аталган жарандар боюнча эмне чара көрдүңүз? Же Токмок өзүнчү автономиябы?! Мамлекеттик кызматкерди иш учурунда ишин үзгүлтүккө учуратуу, барымтага алуу, баары биригип бейбаштык беренеси эле болобу? Бизде мыйзам иштейби?
Эске сала кетсек бул “тентек” депутат Тынай Жансеитовго былтыр Токмок базарында бирөөнү бычактап, кылмыш иши козголгондо качып жоголгон. ИИМ ага эл аралык издөө жарыялап, 6 ай дегенде өзү келип колго түшүп берип бир таң калтырган. Өзү келгенине караганда тиешелүү адамдарга берчүсүн берип, келген го деп койгонбуз. Айткандай эле айтып оозду жыйгычакты, гумандуу соттор бошотуп ийген. Башкача айтканда жогору жактагы үлкөндөрдүн жардамы менен үй камагына чыгып кеткен. Ал иш эмне болду? Былтыр жөн жайкын тургунду бычактаган Тынай Жансеитов быйыл минтип мамлекеттик жооптуу кызматкерди сабаса, эртең өкмөткө чабуул жасап, министрлерди деле алка-жакадан албайт деп ким кепилдик бере алат?
Дагы бир кызыктуу жагдай. Энергосбыттын жетекчисин “Биримдиктин” штабында таяктап жатса, аны “Мекеним Кыргызстан” партиясынын балдары эмнеге коштоп жүрөт? Штабдын светин өчүрдүң деген жөн эле шылтоо болуп жүрбөсүн. Бул жетекчи эки партиянын ортосунда курал болуп жаткан жокпу? Ансыз да шаардык кеңешке шайлоо жакындаган сайын бири-бирин каралап бүтө албай жатышат.
Бул маалымат чыгаары менен “Биримдик” партиясынан чыгышып, алардын штабында эч кандай ур токмокко алуу окуясы болбогондугун, бул кара пиардын кезектегиси экендигин кабарлашты. Ал эле эмес Мукаевди “Мекеним Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрү иш ордунан алып кеткенин кабарлашты. Кечээ Мукаевди эки жигит келип, иш бөлмөсүнөн алып кеткен видео тарады. Кайра 3 сааттан кийин алып келгени да тартылып калган. Эгер жабырлануучу кайрылусунда айткан убакыт менен салыштырып көрсөк туура чыгып жатат. Демек, бул окуя болгон жана бийлик тараптан, КРнын ИИМи тарабынан тиешелүү чара көрүлүшү керек. Токмоктогу эле эмес, өлкөдөгү болуп жаткан мыйзамсыздык, беспредел токтотулушу керек. Шайлоо өтөт, шайлоо бүтөт.
Булак: “Факты.kg”