Домой Дүйнөдө Токаев менен Рахмон союздаштык декларациясына кол коюшту

Токаев менен Рахмон союздаштык декларациясына кол коюшту

44

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 3-майда мамлекеттик сапар менен Казакстанга барды.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тажик кесиптеши менен бүгүн, 4-майда Акордада  жолугушту.  Токаев Рахмондун сапарын тарыхый деп атады.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө казак-тажик кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Мамлекет башчылары соода-экономикалык, анын ичинде өнөр жай, айыл чарба жана транспорт тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Өлкө башчылары союздаштык мамилелер жөнүндө декларацияга кол коюшту, бул Казакстандын президентинин айтымында, эки өлкөнүн мамилесин жаңы деңгээлге көтөрөт.

Өз кезегинде Рахмон Касым-Жомарт Токаевге Казакстанга чакыруусу жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Рахмонду өкмөт өкүлдөрү, мамлекеттик мекемелердин, ведомстволордун жетекчилери жана ишкерлерден турган топ коштоп жүрөт.

Астанада өткөн казак-тажик бизнес форумунун жыйынтыгында 2,6 миллиард доллардан ашык кызматташуу боюнча 40 документке кол коюлганын Тажикстандын мамлекеттик “Ховар” маалымат агенттиги билдиргенин Sputnik Казакстан жазды.

Тажикстан менен Казакстандын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда биргелешкен ишканаларды, өнөр жай кооперациясын жана тейлөө тармагын түзүү боюнча документтерге кол коюлду.

Мындан тышкары, тараптар казак тараптын инвестициялары менен Тажикстандын эркин экономикалык аймактарында (ЭЭА) биргелешкен өндүрүш ишканаларын түзүүнү макулдашышты, тоо-кен металлургия өнөр жайы жана продукцияны товардык алмашуу жаатында узак мөөнөттүү келишимдерге кол коюшту.

Ошондой эле, Казакстанда суроо-талапка ээ болгон жашылча-жемиштерди жеткирүү көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берүүчү дүң бөлүштүрүү борборлорун куруу боюнча өлкөлөр ортосунда келишимге кол коюлду. Душанбе менен Астананын ортосундагы аба каттамдарын жандандыруу боюнча да сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Соңунда Эмомали Рахмон Касым-Жомарт Токаевди өзүнө ыңгайлуу учурда Тажикстанга келип кетүүгө чакырды. Казакстандын президенти 14-сентябрдан 15-сентябрга чейин Душанбе шаарында өтө турган саммитке катышарын ырастады.
Кол коюлган документтер
🔵 Казакстан менен Тажикстандын ортосундагы союздук өз ара аракеттенүү жөнүндө декларация;
🔵 Эки өлкөнүн президентинин алдындагы стратегиялык изилдөөлөр борборунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
🔵 Казакстандын Финансы министрлиги менен Тажикстан өкмөтүнө караштуу Бажы кызматынын ортосундагы эки өлкөнүн  ортосунда ташылып өтүүчү товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө алдын ала маалымат алмашууну уюштуруу жөнүндө протокол;
🔵 Түркстан шаары (Казакстан) менен Худжанд шаарынын (Тажикстан) ортосунда боордош шаар мамилелерин түзүү жөнүндө меморандум;
🔵 Казакстандын Маданият жана спорт министрлиги менен Тажикстандын өкмөтүнө караштуу Туризмди өнүктүрүү комитетинин ортосундагы туризм тармагындагы кызматташуу боюнча жол картасы;
🔵 2023-2025-жылдарга эки өлкөнүн Айыл чарба министрликтеринин ортосундагы айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты өркүндөтүү боюнча жол картасы;
🔵 2023-2024-жылдарга карата Казакстандын Өнөр жай жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлиги менен Тажикстандын Индустрия жана жаңы технологиялар министрлигинин өнөр жай жана инновация жаатындагы өз ара аракеттенүүсүнүн биргелешкен планы;
🔵 Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги менен Тажикстандын өкмөтүнө караштуу Экспорт агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
🔵 Казакстандын Тышкы иштер министрлиги менен Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2023-2025-жылдарга кызматташуу программасы.
булак: kg.eurasiatoday.ru