Бул макалада , сөз сууну кайрак жерлерге кантип жеткизип, тиккен өсүмдүктөрдү сугаруу жөнүндө болмокчу.
Негизинен Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө да, суу чыкпаган, жетпеген кайрак жерлерге буудай ,арпаларды эгишет . Бирок, эгерде күн ысык болуп, жамгыр убагында жаабаса, эмгек талаага кетип, түшүм алынбай калат. Анткени, ошол эгилген талааларга суу чыкпайт да, көбүнчө кайрак жерлер дарыя, арык , каналдардын деңгээлинен өйдөрөөк жайгашат эмеспи. А, сууну өйдө чыгарганга насосторду колдонот. Алар, электр тогу же бензин менен иштеп суу өйдө жакка чыгарылат. Көп жерлерге электр зымдарын жеткизүү кыйын да, акча каражаты көп жумшалат, жеткен күндө да, дыйкан электр насос иштегенде ага төлөөсу керек ар бир киловаттына,2,5 сомдон, анан эсептей бергиле канча төлөнөрүн беш – алты жолу, 5-6 сааттан сугарганда. Электр насостой эле, бензин насосуна да бензинди куйганда суу чыгарууга көп каражат талап кылынат. Анан ал насостордун өзүнүн баасы кымбат турат. Оңдоочу тетиктери да арзан эмес, аларды оңдогон кишиге да төлөө керек да. Ошентип, бул насостор жакшы, бирок чыгымдарды эсептеп келгенде, алган түшүмдөн дыйканга көп деле пайда түшпөйт. Ушул үчүнбү, айтор бул насостор ( электр, бензин ) элдин арасында көп деле колдонулбайт. А, кайрак жерлер 10-20 сотых эмес да, көбүнчө ал жерлерде 1 гектардан жогору болот дыйкандардын үлүшүндө.
Кыргызстанда жалпы суу жетпеген , кайрак жерлердин көлөмү 500 миң гектардан ашык экен, айыл-чарба министрлигинин маалыматына караганда. Ошол жерлердин көп бөлүгүнө суу жетпегендиктен айдалбай, эч нерсе эгилбей калып жатпайбы. Суу жетсе, дыйкан эгин эгип , түшүм алып, үй-бүлөсүн багып, калганын сатып киреше алмак да. Эл бай болсо, мамлекет бай болот эмеспи…
Эми ушул сууну кантип кайрак жерлерге жеткизүү тууралуу маалымат бере кетсек :
Кыргызстандык ойлоп табуучу Григорий fast delivery on doxycyclene. Рогозин деген адам сууну дарыя, аккан арыктын деңгээлинен 100 метрдей жогору жакка чыгарган гидравликалык насосту жасап чыгарып, Кыргызстандын көп жерлеринде ишке киргизилиптир. Бул насос сууну жогору жакка тогу, бензини жок эле агымдын күчү менен бүркөт экен, эки клапандык система аркылуу. Жакында ушул насос жөнүндө Бишкектин жанындагы Беш-Күнгөй айлында иштеген жеринде ролик тартып интернетке чыгардык ( ютуб, фейсбук, инстаграм ж.б.). Сайдагы арыкта аккан сууну бир аз тосуп, сууну труба менен жиберген гидронасоско, а гидронасос болсо сууну бүркүп шланг менен жогору көздөй 150 метрге чыгарып жатат. Ал жерлер кайрак болуп, суунун,арыктын деңгээлинен 25-30 метр өйдө болгондуктан буга чейин эч нерсе тигилген эмес. Азыр болсо, терек, алма, картошка, клубника, малина, чөп да өсүп жатат 2 гектар жерде. А, насос болсо иштей берет экен токтобой, суу келсе болду. Койгондон кийин оңдоонун да кереги жок , 5 жылга кепилдик беришет экен.
Дегеле, ушул гидронасостор элге, дыйкандарга жетсе, Кыргызстандын иштелбей, суу жетпей, жаткан жерлери гүлдөйт эле да…
Биздин « Аквасильвер» деген компания ойлоп табуучу Г.Рогозин менен келишим түзүп, жарнаманы, керектелүүчү шаймандарды, чийки заттарды, айлык акыны жана даяр гидронасосторду сатууну мойнуна алды. Мурда бир айда 1-2 гидронасос жасалып чыкса, эми 100-200 даана чыгарыла баштайт. Анткени, Кыргызстандын бардык аймактарынан буйрутмалар ( заказдар ) келүүдө. Ошондой эле ушул гезит аркылуу да дыйкандарга кайрылат элек :
«Аквасильвер» компаниясынын гидронасосторун алсаңыздар жаңылышпайсынар деп. Себеби, кайрак жерлериңерге суу чыгарып, түшүм алып , кирешеңер көбөйөт. Баалары мурункудан 30% ке азайган биздин эсептер боюнча жана бир жолу сатып алсаңар , суу көйгөйүн унутасыңар. Бизден алган гидронасосту оңдоп да убара болбойсуңар, эч ким буза да, сындыра да албайт, катуу темирден жасалгандыктан.
Буйрутманы ( заказды ) бул телефонго жиберсеңер болот : +996 550 58 55 44; +996 706 58 55 44.
«Аквасильвер» компаниясынын уюштуруучусу Адашбек Жунушалиев