24-декабрга караган түнү өрт кырсыгынан улам Тогуз-Торо районунун Казарман айылында алты жаштагы кыз жана Ысык-Ата районунун Кант шаарында 51 жаштагы киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Тогуз-Тородо турак үйдүн ичиндеги терезе парда күйүп кеткен. Өрт электр жабдыктарын куроодо жана пайдаланууда эреженин бузулушунан келип чыккан.
Канттагы кырсыктын себеби такталууда. Мындагы өрт үйдүн чатырынын 25 чарчы метрин жалмаган.